super.kg logo

Балыкчы шаарында мектеп окуучулары белгисиз газга ууланды. Алардын бешөөсүнүн абалы оор

 

Кечээ, 17-апрель күнү саат 10:35 чамасында Балыкчы шаарындагы №3-мектептин окуучулары белгисиз газга ууланышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, "Тез жардам" кызматы аркылуу 5 окуучу шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилсе, дагы 5 окуучу травматология бөлүмүнө жаткырылган. Ошондой эле куткаруучулар тарабынан 2 мугалимге жана 2 окуучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Азырынча окуянын келип чыгуу себептери белгисиз. Милиция тергөө амалдарын жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: