super.kg logo

Ошто жасалма 8500 доллар пайдаланган адамдар кармалды

 

Ош шаарында 8500 жасалма доллар пайдаланган жарандар колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Оштогу лотерея оюн-зоок клубдарынын биринин администратору милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында, белгисиз жарандар ири суммадагы лотерея алышып, ойношкондугун, бирок алар кеткенден кийин алардын төлөгөн акчалары жасалма болуп чыккандыгын билдирип, алардын үстүнөн чара көрүп берүүнү суранган.

"Иликтөө иштеринин натыйжасында 38 жаштагы мурда соттолгон Кара-Суу районунун тургуну жана 40 жаштагы жердеши кармалды. Алар өз көрсөтмөлөрүндө аталган акчаны чындап эле уттуруп жиберишкендигин моюнуна алышты. Бирок акчалардын жасалма экендигин билишпегендиктерин, акчаны башка адамдан алышкандыктарын айтышууда. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү эки адамды тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоого санкция берилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.04.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
11 Друзей Оушена :)
18.04.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озу харам оюн харамды андан бетер харам кылып ийишиптир
18.04.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ХХХ ХХХ Олуп кырылып жок болуп кетишсе экен. Же озбекстан кабыл албайт бул ХХХ . Тынч жургон куну болбой калдыго. 2010ду унутуп коюшкан окшойт. Кудай, кудай деп коюп ХХХ иштерди кылышат.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-18 15:46:35
18.04.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акбаржондун братандарыго булар окшошуп кетишет экен суротундо
18.04.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сардоржондордун колунан келет да мындайлар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: