super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-АПРЕЛЬ: Америкалык актёр Эрик Робертс 61 жашка толду

 
Актёр жаш кезинде
Эрик Робертс аялы Элиза Гаррет менен
Эрик Робертс карындаштары Лиза жана Жулия менен

Америкалык актёр Эрик Робертс 61 жашка толду. Ал 1956-жылы 18-апрелде АКШнын Миссисипи штатындагы Билокси шаарында туулган. 400дөн ашык тасмага тартылган, ошондой эле белгилүү актриса Жулия Робертстин агасы.

"Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн Эрик Робертс "Лавлейс", "Чёрная метка", "Молодые и дерзкие", "Неудержимые", "Тёмный рыцарь" жана башка белгилүү тасмаларда роль жараткан.

Жеке жашоосу:

Эрик Робертс 1990-жылдары актриса Келли Каннингэм менен сүйүү романын баштаган. 1991-жылы экөө кыздуу болушуп, атын Эмма коюшат. Бирок ошол эле учурда түгөйлөр бири-бирин жек көрө башташат. Ошол учурда агасынын жардамы менен кино дүйнөсүнө аралашкан Жулия Робертс дароо ийгиликке жетишкен. Тилекке каршы, ага менен карындаштын ортосундагы мамиле да бузулат. Буга себеп Жулия агасынын сындарын кечире албай койгону айтылат.

1992-жылы Эрик Робертс Элиза Гаррет аттуу кызга баш кошкон. Алар бирге 1996-жылы "Любовь - это оружие" тасмасына тартылышкан. Ошондой эле ал аялы эле эмес, актёрдун мыкты жеке менеджери экени да айтылат.

18-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: