super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-АПРЕЛЬ: "Эже-сиңдилер" тасмасы аркылуу белгилүү болгон актриса Оксана Акиньшина 30 жашка чыкты

 
"Эже-сиңдилер" тасмасынан кадр
Азыркы жолдошу Арчил Геловани менен
Жолдошу жана уулу менен
Биринчи жолдошу Дмитрий Литвинов менен
Сергей Шнуров

Орусиялык актриса Оксана Акиньшина 30 жашка чыкты. Ал 1987-жылы 19-апрелде Ленинградда төрөлгөн. Актриса алгач моделдик ишти аркалап жүрүп, 13 жашында Сергей Бодров-кичүүсүнүн "Эже-сиңдилер" ("Сёстры") тасмасына тартылып калган. Ал эми эл аралык атакка швед режиссёру Лукас Мудиссондун "Лиля түбөлүк" ("Лиля навсегда") тасмасы аркылуу жеткен. Андан соң "Капитандын балдары" ("Капитанские дети"), "Бороон" ("Метель"), "Рахмат бар экениңе, Высоцкий" ("Высоцкий, спасибо что живой") жана башка тасмаларга тартылган.

Жеке жашоосу

Оксана Акиньшина 15 жашында рок музыкант Сергей Шнуров экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанып, көп өтпөй сүйүшкөндөр чогуу жашап калат. 5 жыл өткөн соң алардын мамилеси токтогон. Бул окуядан кийин актриса депрессияга кабылып, 20 килограммга толуп кеткен деп айтышат.

2008-жылы ал телекомпаниялардын биринин директору Дмитрий Литвинов менен таанышып, 2 айдан соң ага турмушка чыккан. Филипп аттуу уулдуу болуп, 2010-жылы ажырашып кеткен. 2011-жылы кинопродюсер Арчил Геловани менен таанышып, жарандык никеде жашай баштаган. Түгөйлөр 2013-жылы Константин деген уулдуу болушкан. Ал эми 2017-жылдын январь айында Оксана Акиньшина кыздуу болгонун Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирген.

19-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: