super.kg logo

MegaCom: Жыл сайын өтүүчү «Улуу Жеңиш!» акциясы старт алууда

 

MegaCom'дон «Улуу Жеңиш!» акциясы старт алды, бул акцияга Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагындагы мега-түйүндүн абоненттери катыша алат.

Ачык асманды, эркиндикти жана бакубат жашоону тартуулаган ардагерлерге ыраазычылыгыңызды 1945 кыска номуруна каалагандай текст менен SMS жөнөтүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтүүгө салым кошо аласыз. SMS билдирүүнүн наркы – 20 сом (бардык салыктарды эсептегенде).

Мындай SMS-марафон уюлдук оператор тарабынан 6 жыл катары менен өткөрүлүүдө. Кайрымдуу жана кайдыгер карабаган абоненттерибиз тарабынан топтолгон каражаттар Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тизмеси боюнча бөлүнөт жана ар бир ардагердин өз колуна тапшырылат. 2016-жылдагы акциянын жыйынтыгына токтоло кетсек, 1945 номуруна жөнөтүлгөн смс-билдирүүлөрдүн саны 22 миңден ашып, натыйжада 380 307 сом суммасындагы акча каражаты топтолгон.

Мындан тышкары салтка айлангандай эле, 9-Май күнү MegaCom жеке бюджетинин эсебинен республика боюнча колдоого алынган 1000 ардагердин ар бирине 2000 сомдон берип, катаал жолду басып өткөн каармандарыбыз жана оорукта эмгектенген ардагерлерибиз үчүн концерт уюштуруп, мекенибиздин аймагында «Жакындарына чалуу» жана «Полктошторго чалуу» деген аталыштагы акысыз байланыш линияларын уюштурмакчы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: