super.kg logo

СУПЕР ТВ: "Кухня" сериалына тартылып, белгилүү болгон актриса Жаңыл Асанбекова SUPER.KG`ге маек курду

 

Орусиядагы "Кухня" сериалында Айнура аттуу каармандын образын жаратып, белгилүү болгон актриса Жаңыл Асанбекова SUPER.KG порталына маек курду. Анда мекендешибиз чыгармачылыгы, келечектеги пландары жана жогоруда аталган сериал жашоосуна кандай таасир эткенин баяндап берди.

"Бир күнү чыгармачыл топ менен кафеде тамактанып отурганбыз. Официант бала "сизди ашканага чакырып жатат" деп калышты. Мекендештерим күтүп жатканын сездим. Барсам, кыргыздар экен. Аябай жылуу тосуп алып, мен тартылган сериалды тынбай көрүшөрүн, айткан сөздөрүмө чейин жаттап алышканын айтышты.

Кээде көчөдө баратсам деле "Айнура эже" деп келип кучактап калышат. Албетте, кыргыз элинин мындай мамилесине, сый-урматына сыймыктанам, образымды жеткиликтүү аткарыптырмын деп өзүмө ыраазы болуп кетем", - дейт Жаӊыл Асанбекова.

Сюжетти көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: