Депутат Руслан Казакбаев өкмөттө кадрлар алмашып, көптөгөн иштер аткарылбай жатканын билдирди
Бүгүн, 20-апрелде парламентте “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев өкмөт курамындагы кадр алмашуулар болуп, көптөгөн иштер аткарылбай жатканын билдирди.
“Жылдыз Мамбеталиева юстиция министри болуп турганда, мыйзамдарды инвентаризациялай баштады эле. Бир себептерден улам ал кызматтан кетти. Мелис Мамбетжанов мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеп, токтоп турган мамлекеттин карамагындагы ишканаларды иштете баштаган. Мына ал дагы кызматтан кетип калды. Кадрлардын туруктуулугу өтө олуттуу маселе. Алардын өздөрү баштаган иштин аягына чейин чыгарууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек”, - деди ал.
Депутат өкмөт башчысы бул багытта иштиктүү чараларды көрүүсү зарыл экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

