super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: "Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо иши 3 жылга кечигип жатканына бирөө жооп бериши керек"

 

Бүгүн, 21-апрелде парламентте “Ата Мекен” фракциясына өкмөт 2016-жылы аткарылган иштер боюнча отчёт берип жатат. Анын жүрүшүндө депутат Каныбек Иманалиев Бишкек-Кара-Балта жолунун оңдоо иши 3 жылга кечигип жатканына бирөө жооп бериши керек экенин айтты.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов быйыл келишимге кол коюлганын айтты. "Бул долбоордун процедурасы баарыңыздарга белгилүү. Тендердин жыйынтыгы чыкпай келди. Эми чекит койдук деп айтсак болот. Иштер башталды", - деди ал.

"2014-жылы бөлүнгөн акчага ишти 2017-жылы баштап жатасыздар. Пайыздык төлөм жүрүп жатат да. 3 жыл эмес 3 ай кечикпеш керек болчу", - деди Иманалиев.

Эл өкүлү ички иштер министри Улан Исраилов жакында президент менен Грузияга барып келгенин белгилеп, министрликте кандай реформалар болуп жатканын сурады.

Улан Исраилов президент менен Грузияга барбаганын, реформалар башталганын айтты. Реформанын максаты ИИМдин ишин оптимизациялоо жана жетекчилерди азайтуу экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: