super.kg logo

Филипп Киркоров "Евровидение" сынагына Орусия катышуудан баш тартышы керек экенин айтып чыкты

 

"Евровидение" музыкалык сынагынын уюштуруучулары добуштардын жыйынтыгын эсептөө эрежелерин өзгөртмөйүнчө, Орусия катышуудан баш тартышы абзел. Мындай пикирин аталган өлкөнүн эл артисти Филипп Киркоров ТАССка берген маегинде билдирген.

"Юлия Самойлова менен болгон окуяга чейин эле мен сынактын эрежелери өзгөрмөйүнчө, ага катышуунун зарылдыгы жок деп эсептечүмүн. Себеби миллион көрүүчүнүн добушу 5 калыстын берген баасына теӊ келе албайт. Өз акчалары менен добуш берген адамдар 2016-жылы Сергей Лазаревди биринчи орунга коюшту, а калыстар тобу акыркы орунга. Эгерде сынактын эрежелерин өзгөртпөй, көрүүчүлөрдүн добуштары гана эсепке алынганда, "Евровидение" кайрадан бизде өтмөк", - деген ырчы.

Анын айтымында, көрүүчүлөрдүн жана калыстардын берген добушунун пайыздык катышы 70:30 же 80:20, көрүүчүлөрдүн пайдасына болушу зарыл.

Белгилей кетсек, бул жылы эл аралык сынакка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Юлия Самойлованын катышары белгилүү болгон. Бирок Украина ырчы бир нече эрежелерди бузган деген шылтоо менен аны аталган өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
21.04.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Филлип туура айтат Сергей Лазерев жене турган эле.
21.04.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туура эле кылган Украина бул жерде просто политикалык оюндар болуп кетти да Россиянын атынан Самойлова барат деп чыгышты. Анын ырдаганы ужасуо даже фонаграмманы туура ырдай албайт, сынактарга мумкунчулугу чектелгендер катышканы туура болбой калат себеби на жалость добуш берип коюшат. Ал жакта только талантына баа бергени туура! Качан эле Киркоров нормально калыс болуп келген эле? )))
21.04.2017. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pixduel1,
Эй фонограмма кыргызстанда эле Евровидениеде 100% Живой голос болот
21.04.2017. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айтыптыр
21.04.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Евровидениенын кызыгы кетти себебі мурда женген ырлар хит болчу эле мисалы Дима Билан,Александр Рыбак.Лорин.Хадисе азыр эч кандай хит болбойт себеби политика
21.04.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Юлия 2 кун мурун аеропорт Домодедовада биз иштеген кафеге келип тамактанып кетти, жакындан коруп боорум ооруп да кетти, аллахым эн биринчи ден соолук берсин, колунда посадочный талону бар эле кайдадыр учуп кетти.
21.04.2017. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура да,көрүүчүлөрдүн акчасын алыш үчүн эле добуш бердирип,калганын өздөрү чечип койот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: