super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-Монгол алакасына 25 жыл: Өлкө президенттери бири-бирин куттукташты

 

Кыргыз мамлекетинин президенти Алмазбек Атамбаев менен Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж өлкөлөр ортосунда дипломатиялык алакага 25 жыл толгондугу менен бири-бирин куттукташты. Бул тууралуу 22-апрелде президенттик аппарат кабарлады. Атамбаев 25 жылдын ичинде өлкөлөр саясий, экономикалык, маданий тармакта кызматташууну жакшы жолго салганын, Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму өңдүү альянстардын алкагында активдүү кызматташып жатканын баса белгиледи.

Монголия президенти Кыргыз мамлекети менен Монголия оор кырдаалдан өтүп, парламенттик башкаруу формасын тандаганын, демократияны жана базар экономикасын ийгиликтүү өнүктүрүп жатканын айтты.

Эки президент тең бири-бирине ден соолук, жыргалчылык, өлкө элдерине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: