super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-АПРЕЛЬ: Америкалык ырчы жана актриса Барбра Стрейзанд 75 жашка толду

 
Барбра Стрейзанд жаш кезинде

Бүгүн, 24-апрелде 75 жашка толгон америкалык ырчы жана актриса Барбра Стрейзанд АКШнын Нью-Йорк штатындагы Бруклин шаарында туулган. Ал мектеп курагында хордо ырдап, музыкага болгон кызыгуусу күч болгон. Бирок ырчы болом деген тилегин апасы колдогон эмес. Апасы кызынын өң келбетин ырчылыкка туура келбейт деп эсептеген. Ошентип 1959-жылы Барбра Стрейзанд мектепти аяктап, ар кандай кароо-сынактарга катыша баштаган. Анын ырчылыкка караганда актриса болуу максаты алдынкы орунда болгон. 1962-жылы Барбра Стрейзанд алгачкы жолу Бродвейде чакан мюзиклде ойногон, бирок ошол чакан мюзикл ырчыга чоң ийгилик алып келген. Ошол эле жылы "Columbia Records" менен келишим түзгөн. Ал эми 1963-жылы ырчынын "The Barbra Streisand Album" аталыштагы алгачкы дебюттук альбому жарык көргөн. Дал ошол альбому үчүн Барбра Стрейзанд эки "Грэмми" сыйлыгына арзыган. Ошентип өзүнүн бүткүл музыкалык карьерасында 60тан ашык альбом жаздырган.

Барбра Стрейзанд композитор, режиссёр, продюсер жана саясий активист катары да белгилүү. Ал "Мыкты актриса", "Мыкты өзгөчө ыр" деп эки "Оскарга" ээ болсо, "Эмми", "Грэмми", "Алтын глобус" сыйлыктарынан да куру кол калган эмес.

24-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: