Экс-депутат Заирбек Жоошбеков Эсептөө палатасынын аудитору кызматына дайындалат

Парламенттин Бюджет жана финансы комитети Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору кызматына Заирбек Жоошбековдун талапкерлигин жактырды. Чечимди комитет мүчөлөрү бир добуштан кабыл алышты.
Анын талапкерлиги парламентке президент Алмазбек Атамбаев тарабынан сунушталды. Талапкерди комитетке президенттин парламенттеги өкүлү тааныштырды.
Заирбек Жоошбеков - КСДП партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

