super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-АПРЕЛЬ: Мындан 177 жыл мурун орус композитору Пётр Чайковский туулган

 

Мындан 177 жыл мурун, 1840-жылы 25-апрелде атактуу орус композитору Пётр Ильич Чайковский Воткинскийде Камско-Воткинск заводунун начальнигинин үй-бүлөсүндө туулган. Ал чыгармачылыкка 1862-жылдан баштап толугу менен киришкен. Анткени Чайковский бала чагынан эле музыка жазганды, музыкалык инструментте ойногонду, дирижёр болгонду жакшы көргөн. Ал 36 жашында Москва консерваториясынын профессору болуп, 2 операнын, 3 симфониянын автору болгонго жетишкен.

Музыка дүйнөсүнүн тарыхында улуу композиторлордун катарына кирген Пётр Чайковский 1893-жылы 25-октябрда 53 жашында Санкт-Петербург шаарында каза болгон. Ал өзүнүн артынан 100гө чукул чыгармаларды, 100дөгөн романс, ондогон балет, опера, сюиталарды таштаган. "Ак куу көлү" ("Лебединое озеро"), "Уйкудагы сулуу" ("Спящая красавица"), "Щелкунчик" аттуу балеттери азыркы учурга чейин популярдуулугун жоготпой келет.

25-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: