super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! Элдин көйгөйү айтылган Алмаз Шаадаевдин "Жаркырасын Кыргызстан" дастаны SUPER.KG порталында

 

Бүгүн, 25-апрелде "Медиа-портал" бөлүмү Алмаз Шаадаевдин эксклюзивдүү "Жаркырасын Кыргызстан" дастанынын клиби менен толукталды. Ырчы бул чыгармасы аркылуу элдин көйгөйүн айтып чыгууну туура көрдүм дейт.

"Жакшы эле той, сүйүү жөнүндө ырдадык, эми элдин көйгөйү тууралуу ырдоону туура көрдүм. Дастан 80 саптан турат. Сөзү Кудрет Тайчабаровго таандык. Ал эми обонун жаздыруу үчүн көп обончу издедим. Соӊунда олуттуу обон жараткан Эдил Маматовго токтолдум.

Албетте, дастан айтуу оӊой эмес. Анан да буга чейин жаштардан эч ким айта элек эле. Бирок коркуп отура берсек, элдин айтайын деген оюн ким айтып чыкмак эле? Андыктан жаш болсом да аракет кылдым. Бул эмгегим карапайым элге жагат деп үмүт кылам. Анткени анда ар бир кыргыздын үнү жаӊырат десем болот", - дейт ырчы.

Алмаз Шаадаевдин "Жаркырасын Кыргызстан" дастанынын клибин бул жерден көрүӊүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: