ЭЛДИК КАБАРга жооп: Айдоочу Хундай Портердин жүк ташуучу бөлүгүндө жаш балдарды ташып бара жатканы боюнча тактоо иштери жүрүүдө

Кызыл-Кыя шаарында айдоочу Хундай Портердин жүк ташуучу бөлүгүндө жаш балдарды ташып бара жатканы боюнча тактоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Азыркы тапта Кызыл-Кыя шаардык Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүрүп жатат. Такталган соң тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.
Буга чейин окурман SUPER.KG порталына кайрылып, 25-апрель күнү саат 21:40 чамасында Кызыл-Кыянын 1-кичи районунда Хундай Портер унаасы жолдо жол эрежелерин бузуп, жаш балдарды салып, коомдук тартипти бузганын айткан.
Кызыл-Кыяда Портер жаш балдарды жүктөп бара жатты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Бирок , Кудай сактасын Жаш балдардын омуруно опасный .
Талаага барганда, тоого чыкканда ушунтип кете беришет.