super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 26-АПРЕЛЬ: Америкалык актёр, бийчи жана модель Ченнинг Тейтум 37 жашка толду

 
Актёр өмүрлүк жубайы Женна Дуан менен
"Бир кадам алдыга" тасмасынан кадр
Түгөйлөрдүн үлпөт тою

Америкалык актёр, продюсер, бийчи жана модель Ченнинг Тейтум 37 жашка толду. Ал АКШнын Алабама штатынын Каллмэн шаарында 1980-жылы 26-апрелде төрөлгөн.

Балалыгы Каллмэн шаарында өтүп, 6 жашында үй-бүлөсү менен айылга көчүп барышкан. Окуудан тышкары америка футболу, жеңил атлетика, бейсбол менен алектенип, кунг-фу менен да машыккан. 1998-жылы Батыш Виржиниянын колледжинде окуусун улантуу бактысы буюрган. Бирок ал жакта көпкө кармалбай үйүнө кайтып келе берген.
Ченнинг 15 жашынан тартып түнкү клубдардын дайымкы кардарына айланган. Башында тартынып четте гана элди карап турса, кийинчерээк бий аянтынын "падышасына" айланып чыга келген. Келечек тууралуу ойлоону да каалабаган болочок актёр куруучу, дүкөндө сатуучу, ветеринардык клиникада жардамчы, анан да стриптиз бийчи болуп иштейт. Бара-бара кийинки жашоосун ойлонуп, бул кесибин таштаган.
Тейтумдун чыгармачылыктагы тушоосу Рикки Мартиндин "She Bangs" клибинен кесилген. Андан соң бат эле моделдик агенттиктерге чакырылып, Dolce & Gabbana, Emporio Armani сыяктуу бир катар беделдүү бренддер менен иштешет, жарнамаларга тартылган. Биринчи жолу "C.S.I.: Кылмыш орду – Майами" сериалында эпизоддук ролду ойногон. Андан кийин эле "Бир кадам алдыга" тасмасындагы башкы ролу ага чоң атак алып келген. Андан соң "Бир кадам алдыга-2: Көчөлөр", "Мачо менен ботан", "Супер Майк" тасмаларына тартылып, бат эле жылдызы жанып чыга келген.
Жеке жашоосу:
Тейтум "Бир кадам алдыга" тасмасындагы өнөктөшү Женна Дуан менен тасма аянтында таанышып, бири-бирин сүйүп калышкан. "Женна экөөбүз тең бир көрүп сүйүштүк. Биз тасмада роль ойногон жокпуз, чыныгы сезимдерибизди көрсөттүк. Тасмадан кийин экөөбүз Лос-Анжелеске келип, ошону менен ажырашкан жокпуз",- дейт актёр сүйүүсү тууралуу. Эки жаш 2009-жылы баш кошуп, 4 жылдан кийин кыздуу болушкан.

26-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: