super.kg logo

Бишкекте биринчи маданий форум өтүп жатат

 

Бүгүн, 27-апрелде "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында биринчи маданият форуму өтүп жатат. Форумга 20 өлкөдөн келген өкүлдөр, президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, депутат Ирина Карамушкина жана башкалар катышууда.

Ачылышта сөз сүйлөгөн Сапар Исаков Кыргыз өлкөсү, дүйнөдө алгачкы жолу болуп өткөн Көчмөндөр оюндары тууралуу сүйлөп, катышуучуларга, форумдун жүрүшүнө ийгилик каалады.

"2016-жыл - Тарых жана маданият жылы деп аталганы коомчулук тарабынан колдоого алынып, тарыхый жана маданий мурастарды сактоо зарылдыгын көрсөттү. Жарандарда өзүн байыркы көчмөн элдин урпагы экенин сезип, өткөн тарыхына кызыгуусу күч алды.

Өлкөнүн эң негизги байлыгы - эл. Андыктан 2017-жыл - Ыйман, адеп, маданият жылы деп жарыяланып, учурда ар бир инсандын руханий, маданий, инсандык өнүгүү маселелери алдынкы орунга коюлду", - дейт Сапар Исаков.

Андан соң кыргыздын жери, маданияты тууралуу видео көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, бүгүн башталган форум 2-майга чейин уланат. Бул күндөрү кыргыз элинин улуттук маданияты конокторго кеңири тааныштырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: