super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-АПРЕЛЬ: Мындан 90 жыл мурун белгилүү советтик комедиялык актёр Евгений Моргунов төрөлгөн

 
Легендарлуу үчилтик

Мындан 90 жыл мурун, 1927-жылы 27-апрелде режиссёр Леонид Гайдайдын комедияларындагы атактуу үчилтиктин бири, актёр Евгений Моргунов Москва шаарында төрөлгөн. 14 жашынан тарта ишканада эмгектене баштаган. 16 жашында Иосиф Сталинге өзүнүн театралдык окуу жайга кабыл алынышын суранып кат жазып, ал жерде билим алуу укугуна ээ болгон.

Евгений Моргунов "Пёс Барбос и необычный кросс" ("Барбос жана өзгөчө кросс"), "Самогонщики" ("Самогончулар"), "Операция "Ы" и другие приключения Шурика", ("Ы" операциясы жана Шуриктин башка окуялары") "Кавказская пленница, или Новые приключения Шурика" (Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары") жана башка тасмаларда кайталангыс ролдорду жараткан.

Актёр 1999-жылы 25-июнда көз жумган.

Жеке жашоосу

Актёр 2 ирет үй-бүлө курган. Биринчи жубайы Варвара Рябцева өзүнөн 13 жаш улуу болгон. Экинчиси Натальяга Евгений Моргунов 1965-жылы баш кошуп, эки уулдуу болушкан. Уулдарынын бири актёр көзү тирүү кезинде жол кырсыгына кабылып, көз жумган. Ошол окуядан соӊ ал катуу депрессияга кабылып, туура бир жылдан соӊ көз жумган. Өлөр алдында сөөгүн уулунун жанына коюшун табыштап кеткен.

Бирок уулунун каргашалуу өлүмүнө чейин Моргунов башка керээзди айтканы айтылып келет. Маалыматтарга караганда, 1997-жылы Юрий Никулин (легендарлуу үчилтиктен Никулин биринчи көз жумган) менен коштошуу зыйнатында Москва шаарынын мурунку мэри Юрий Лужковго келип, "Юрий Михайлович, Вицин экөөбүздү кайсы жерге коёсуӊар?" деп суроо салган. Эмне дээрин билбей калган мэрге актёр: "Чогуу койгула. Элестетиӊиз, элдер мүрзөгө келишет, баары кайгылуу, капалуу. Анан эле "Никулин, Вицин, Моргунов" деген жазууну көрүп, баарынын жан дүйнөсүндө жылуулук пайда болот", - дегени айтылат.

27-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: