super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-АПРЕЛЬ: "Чоро" тобунун солисти Нурболот Теңизбек "26га чыгып үйлөнүү тууралуу ойлоно баштадым" дейт

 
"Чоро" тобу

"Чоро" тобунун солисти Нурболот Теңизбек бүгүн, 27-апрелде 26 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышканыбызда ыраазычылыгын билдирип, туулган күнү кандай маанайда өтүп жатканы тууралуу айтып берди.

"Туулган күнүм менен биринчи болуп мени жарык дүйнөгө алып келген алтын апам куттуктады. Буга чейин өзүмдү 18 жаштагы жигиттей эле ойлоп жүрө берчүмүн. Эми 26га чыгып, үйлөнүү тууралуу ойлоно баштадым. Өздүк майрамымды кечинде досторум менен бирге чакан кылып өткөрүүнү пландап жатам", - деди ал.

Белгилей кетсек, Нурболот Теңизбек 1991-жылы 27-апрелде Нарын облусундагы Учкун айылында туулган. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган соң Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырган. Чоң сахнага алгачкы жолу 8-классында, андан кийин 2011-жылы "Супер стар" долбоорунда чыккан.

Музыкалык окуу жайды аяктап жаткан кезинде "Чоро" тобу түзүлүп, ырчы ал топко солист болуп кирген. Топ түзүлгөн жылы эле "Фрунзе лайф" аттуу ретро сынакты жеңип, бир жылдан кийин "Супер-Инфо" гезитинин "2012-жылдын супер тобу" деген наамын алган. Ал эми 2013-жылы Түркиянын Эскишехир шаарында “Turkvizyon-2013” Эл аралык сынагы өтүп, "Чоро" тобу 24 мамлекеттин ичинен 7-орунду багындырып кайткан.

27-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.04.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо куттуктаймын!
Ушул баланын уну зынк да.
Суйуу балы деген ырды зынк аткарган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: