super.kg logo
  Саясат  

Президент Кыргыз өлкөсүн биометриялык электрондук паспортторго өткөрүүнү талкуулоо үчүн өкмөт башчыны кабыл алды

 

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-апрелде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана өзүнүн аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен өлкөдө биометриялык электрондук паспортторду киргизүү ишинин башталашын талкуулады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында биометриялык электрондук паспортторду киргизүү электрондук өкмөттү түзүүнүн жана Президент демилгелеген «Таза Коом» долбоору өлкөнүн санариптик келечекке кадам ташташынын негизги шарты болуп саналарын белгиледи.

Премьер-министр Кыргыз жарандары биометриялык паспортторду 2017-жылы 1-майдан тарта 31-декабрга чейин акысыз ала алышарын кабарлады. «Жаңы үлгүдөгү паспортту алуу убактысы эки эсеге кыскарып, арыз бергенден тарта 14 күндүн ичинде алууга болот», - деди премьер-министр.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын биометриялык электрондук паспортторго өтүүсүнүн башталышы – өлкөдөгү бардык процесстердин ачыктыгын камсыздоо, коррупция менен күрөшүү, таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү, коопсуздукту камсыздоо иштеринде сапаттуу натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө болот деп белгиледи.

Маалымат үчүн: электрондук түрдөгү паспортто анын ээсинин үй-бүлөлүк абалы, турган жеринин дареги, улуту, жынысы, жарандыгы, туулган жери, санариптик сүрөтү, эки колунун бармак издери, өз колу, электрондук-санариптик колунун ачкычы тууралуу бардык маалыматтар камтылат. Жарандарга кызмат көрсөткөн кайсы гана мамлекеттик жана мамлекеттик эмес орган болбосун, электрондук паспорт аркылуу контакттуу жана контактсыз түрдө таанылат. Алардын ичинде банктар, нотариаттар, медициналык жана билим берүү мекемелери, бизнес түзүмдөр бар.

Биометриялык паспортто жаран жөнүндө 19 маалымат камтылып, электрондук форматта болгондуктан, паспорттун жарактуу мезгилинде маалыматтар өзгөрсө да, аны алмаштырбай пайдаланууга көмөкчү болот. Өзгөргөн маалыматтар автоматтык түрдө жаңылана берет. Идентификациялык карта анын ээсинин каалоосу боюнча көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген (азиздер) адамдар үчүн Брайл шрифти менен тактилдик текстте болушу мүмкүн.

Биометриялык паспортторду киргизүүгө зарыл болгон Кыргыз Өкмөтүнүн бардык токтомдоруна Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: