super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: Испаниялык актриса жана модель Пенелопа Крус 43 жашка чыкты

 
Жолдошу Хавьер Бардем менен

Испаниялык актриса жана модель Пенелопа Крус 43 жашка чыкты. Ал 1974-жылы 28-апрелде Испаниянын Алькобендас аймагында жарык дүйнөгө келген. Кичинекей кезинен баштап классикалык балетти өздөштүрүп, Нью-Йорктогу белгилүү мектептердин биринде бий өнөрүн өздөштүргөн. 14 жашында актрисалык кесипти тандоону чечип, бир жылдан кийин агенттикке кабыл алынган. Пенелопа Крус алгачкы жолу 1989-жылы "Mecano" поп-тобунун клибине тартылып, 1990-1997-жылдар аралыгында өспүрүмдөр үчүн телешоунун алпаруучусу болуп эмгектенген. Анын кинодогу карьерасы 1991-жылы жарыкка чыккан "Розовая серия" (Күлгүн серия) сериалындагы ролу менен башталган. Бир жылдан кийин "Хамон, хамон" тасмасына тартылып, андагы ролу үчүн испандардын "Гойя" сыйлыгын алган. Ошондой эле "People" журналы аны "жылдын секс-символу" деп атаган. 1993-жылы актриса "Изящная эпоха" ("Көрктүү доор") фильминде башкы ролдо ойноп, "Spanish Actors Union Award" сыйлыгына татыган. Пенелопа Крус 1998-жылдан баштап Голливуд тасмаларына тартылып, дүйнөлүк атак-даңкка жеткен.

Жеке жашоосу

Актриса эне тилинен сырткары англис, француз жана италиялыктардын тилинде эркин сүйлөй алат. 2010-жылы актёр Хавьер Бардемге турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн ортосунда 2011, 2013-жылдары жарыкка келген кызы жана уулу бар. Пенелопа Крус бойдок кезинде белгилүү актёрлор Том Круз, Мэттью Макконехилер менен сүйүү мамилесинде болгону айтылат.

28-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: