super.kg logo

MegaCom компаниясынын түптөлгөн күнүнө арналган конкурстун катышуучусу бол

 

Туулган күнүнүн 11 жылдыгына карата өлкөбүздүн алдынкы мобилдик оператору мега-конкурс өткөрмөкчү! Майрамдык интерактивге катышып, заманбап смартфон утуп алыңыз!

MegaCom түптөлгөн күнүнөн баштап эле, абоненттерге үнөмдүү тарифтик пландарды, ыңгайлуу кызматтарды жана опцияларды сунуштап келет. Компаниянын иш билги кызматкерлери өлкөбүздүн жалпы аймагында байланыш туруктуу жана жеткиликтүү болуш үчүн күч-аракет жумшап келишет. Компаниянын 11 жылдан бери өнүгүү чыйырында бара жаткандыгы - алардын эмгегинин үзүрү.

Мобилдик оператор түптөлгөн күнүнө карата ар дайым жакындары менен байланышта болуу үчүн зарыл болгон смартфондорду ойнотот.

Конкурс эки этап менен өткөрүлөт. Биринчи этабында 11 мобилдик аппараттын ичинен көңүлүңүзгө төп келгенин тандайсыз. Ушундай жол менен замандаштарыбыздын кеңири катмары колдонгон 3 смартфонду аныктоого жардам бересиз. Экинчи этабында, конкурстун эң жөнөкөй шарттарын аткаруу менен өз бактыңызды сынап көрүп, эң мыкты деп табылган смартфондордун бирин утуп алсаңыз болот.

Конкурстун шарттары менен толук таанышып жана ага катышууну кааласаңыз, компаниянын Facebook сайтындагы расмий баракчасын барактасаңыз болот.

Конкурска катышып, MegaCom менен бирге утуштардын ээси болуңуз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: