super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-АПРЕЛЬ: Белгилүү орусиялык ырчы Филипп Киркоров 50 жашка толду

 
Ырчы Ала-Арча улуттук жаратылыш сейил багында эс алып жаткан кези
Ырчынын Спорт Ордосунда өткөн концерти

Советтик жана орусиялык ырчы, актёр, композитор, продюсер, Орусиянын Эмгек сиңирген жана Эл артисти, Украинанын, Чеченстандын, Ингушетиянын Эл артисти Филипп Киркоров бүгүн, 30-апрелде 50 жашка толду. Ал Болгариянын Варна шаарында теги армян болгон болгар ырчысы Бедрос Киркоровдун үй-бүлөсүндө туулган. Музыкалык окуу жайды 21 жашында артыкчылык менен бүтүргөн. Бирок чыгармачылык жолун андан 3 жыл мурун эле баштаган. 1985-жылы болгар тилиндеги “Алёша” деген ыры менен биринчи жолу көгүлтүр экранга чыккан. Ошондон кийин чыгармачылык чыйыры башталып, 1987-жылы акын Илья Резник менен таанышат да, ал жаш ырчыга чоң жардам көрсөткөн биринчи адам болуп калган.

1988-жылы Илья Резниктин кечесинде Филипп Алла Пугачёва менен жолугушуп, ошондон тарта аны менен биргеликте иштей баштаган. Ал эми 1994-жылы Киркоров орус эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёвага үйлөнүп, 15-март күнү нике күбөлүгүн алышкан. Салтанат Санкт-Петербург шаарында өтүп, никеге катталууну ошол кездеги шаардын мэри Анатолий Собчак өзү көзөмөлдөгөн. Экөө он жылдан ашык чогуу өмүр сүрүп, 2005-жылы ажырашышкан.
Ал эми ушул жылдын 24-февралында Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Орусиянын "поп-падышасы" аталган ырчы "Я" аттуу шоу-концертин тартуулаган.

30-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: