Кыргыз пианисти Азамат Сыдыков америкалык опера ырчысына үйлөндү (фото)





Кыргыз күүсүн чет жерде даңазалаган, Америкада жашаган кыргыз пианисти Азамат Сыдыков америкалык опера ырчысы Николета Раллиске үйлөндү. Мындай кабарды ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 29-апрелде билдирди.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында Нью-Йоркто "Кыргыз обондору Нью-Йоркто" ("Sounds of Kyrgyzstan in New York City") аталышындагы концерт өтүп, анда Николета Раллис композитор Калый Молдобасановдун "Ысык-Көл вальсы" чыгармасын аткарган.
Азамат Сыдыков 1986-жылы 3-февралда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1993-2000-жылдары Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте, 2000-2004-жылдары Москвадагы борбордук музыкалык мектепте, 2004-2009-жылдары Пётр Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияда (бакалавр), 2009-2012-жылдары ошол эле консерваторияда (аспирантура) билим алган.
2011-2013-жылдары АКШнын Нью-Йорк шаарындагы атактуу "Mannes School of Music" консерваториясында тажрыйба топтоп, 2013-2015-жылдары ошол окуу жайда (аспирантура) билимин уланткан. 2009-жылы "Дүйнөнүн мыкты пианисти" деп табылган. 2016-жылы январь айында АКШнын Нью-Йорк шаарында пианинодо белгилүү комузчу Атай Огомбаевдин "Маш ботой" күүсүн аткарып, америкалыктарды таң калтырган. Музыка аткарылып бүткөндөн кийин пианинону тегеректеп тургандар жапырт кол чаап, кубатташкан.



Улутуңду сактайм десең кызыңды тарбияла
Кыздардын башка улутка турмушка чыгышына каршымын