super.kg logo

Аксыда өткөн төкмө акындардын айтышында Шекербек Адылов баш байгени жеңип алды

 

Аксы районунда Токтосун Тыныбековдун 90 жылдык мааракесине арналып өткөн төкмө акындардын айтышынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда SUPER.KG порталына маданий иш-чаранын катышуучусу Гүлзада Абдырахманова билдирди.

"Төкмө акындардын айтышы жогорку деңгээлде уюштурулуп, мыкты айтыш болду. Жыйынтыгында акын Шекербек Адылов баш байгени жеңип алды. Ал эми биринчи орунду Идирис Айтбаев, экинчи орунга Амантай Кутманалиев алды. Үчүнчү орунду Асылбек Маратов ээледи", - деп билдирди Абдырахманова.

Эске салсак, 1-майда өткөрүлгөн акындардын айтышына 16 төкмө ат салышкан.

Токтосун Тыныбеков 1927-жылы Аксынын Тегене айылында туулган. Кыргызга белгилүү төкмө акын. 1960-жылы ага "Кыргыз ССРине эмгек сиңирген артисти" наамы берилген. 1953-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. "Биринчи эмгек" аттуу ырлар жыйнагынын автору. Акын 1982-жылы каза болуп, анын ысымы 1987-жылы өзү туулган айылдагы орто мектепке ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.05.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аалы акын кайда кеткен
02.05.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашка,тойго каражат чачасынар бийликтегилер.Боз уйлорду тигип бардык шартты тузуп.
Ошентип Озгондогу жер кочкудон зыян тарткан тургундарга боз уй тигип,тамак-аш менен камсыз кылып шарт тузуп берсенер болот эле го.
Элин кан жутуп,олуп жатса да эч нерсеге карабай тойлорду ысырап кылып откоргон аткаминерлерге тан каласын
02.05.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
такыр туура келбейт, жанынарда эл кан жутуп турса силер тойлогонунар эмнеси?
03.05.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аксы менен Озгондун аралыгы ото алыс жанында эмес бирок тойлогону туура эмес оор жоготуу Кыргыз мамлекетинде болуп жаткан сон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: