ЖЫЛНААМА, 2-МАЙ: Мурдагы Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев 52 жашка чыкты

Мурдагы Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев 52 жашка чыкты. 1965-жылы 2-майда Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. 1986-жылы Алма-Ата жалпы аскердик командалык жогорку окуу жайын аяктаган. 2000-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын, 2009-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академиясын бүтүргөн.
Ал эми 1987-1988-жылдары Ооганстанда Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Таалайбек Өмүралиев мотоаткычтар взводунун командиринен баштап Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн даярдык боюнча башкармалыгынын башчысы кызматына чейин көтөрүлгөн.
2009-жылы Түштүк аскердик бирикменин кол башчысы, 2009-жылы ноябрь айынан тартып КРнын Коргоо министринин орун басары, 2010-жылы августтан баштап КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы болгон. Ал эми 2011-жылдын декабрь айынан 2014-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министри болгон.
2-майга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

