super.kg logo

Орус актёру Александр Головин: "Апам өзбекстандык болгону үчүн мага Кыргыздагы көп нерсе тааныш көрүндү"

 
Тартуучу топ жана актёрлор

Бүгүн, 3-майда орус актёру Александр Головиндин катышуусундагы "Кош келиӊиз" тасмасынын актёрлору жана тартуучу тобу журналисттер менен жолугушту. Фильмдин продюсери жана анда роль жараткан актёр Бектемир Мамаюсуповдун айтымында, бул анын алгачкы кинодолбоору. "Тасма аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн туризмин өнүктүрүүгө салым кошууну чечтик. Бюджети 126 миң долларды түздү", - деди ал.

Фильмдин режиссёру Медербек Жалилов: "Буга чейин Александр Головин менен орустардын тарыхый тасмасын тартуу учурунда чогуу иштешкенбиз. Анын актёрдук чеберчилигине баа берип, бул фильмдеги башкы ролду сунуштадык. Тартуу иштери кышында өткөндүктөн, кыйынчылыктар болбой койгон жок", - деп билдирди.

Ал эми орусиялык актёр Александр Головин ага кыргыздын улуттук суусундуктары өзгөчө жакканын белгиледи.

"Апам өзбекстандык болгону үчүн мага Кыргыздагы көп нерсе тааныш көрүндү. Себеби эки элдин салттарында, климатында жана башка өзгөчөлүктөрүндө окшоштуктар бар. Бул фильмде Кыргыз жеринин көптөр билбеген сулуулугу, меймандостугу жана башка өзгөчөлүктөрү чагылдырылды. Позитивдүү тасманы үй-бүлөңүздөр менен бирге көрүп кетүүңүздөрдү сунуштайм", - деди ал.

Белгилей кетсек, Александр Головин буга чейин орустардын популярдуу "Кадетчилик" сериалына, "Ералаш" киножурналына, "Акмактар", "Ийгиликтин мырзалары" жана башка бир катар кинолорго тартылып, эл оозуна алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: