super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасынын жарым финалында италиялык "Ювентус" франциялык "Монакону" утуп алды

 

4-майга караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалында Франциянын быйылкы жылдагы алдынкы командасы "Монако" Италиянын чемпиону "Ювентусту" кабыл алды. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө франциялык команда бир катар чабуулдарды уюштурушту. Бирок андан эч кандай жыйынтык болгон жок. Акырындык менен италиялык команда чабуулга өтүп, оюндун 29-мүнөтүндө Дани Алвестин чыгарып берүүсүн Гонсало Игуаин ийгиликтүү ишке ашырды. Ал эми оюндун экинчи бөлүгүндө Гонсало Игуаин франциялык "Монаконун" дарбазасына экинчи голун киргизди. Оюн Италиянын чемпиону "Ювентустун" пайдасына аяктады. Жооптук оюн 9-май күнү Туринде өтөт.

Айта кетсек, "Монако" быйылкы сезондо чабуулда мыктылыгын далилдеп келсе, "Ювентус" коргонууда ишенимдүү ойногону менен айырмаланууда.

Франциялык команда мелдештин жарым чейрек финалында англиялык "Манчестер Ситини", чейрек финалда дортмунддук "Боруссияны" уткан. Ал эми италиялык команда жарым чейрек финалда "Портуну" (Португалия), чейрек финалда "Барселонаны" (Испания) мелдештен четтеткен.

Буга чейин, 3-майга караган түнү "Реал" өз стадионунда "Атлетикону" 3:0 эсебинде утуп алган. 3 голду тең Криштиану Роналду жараткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
04.05.2017. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
04.05.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Реал-Ювентус болот финалда
04.05.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ювентус чемпион болот го менин оюмча
04.05.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kilim,силердин оюнар ар кандай экенда Барса болчу кийин Бавария, Атлетико алат дешти барсамандар эми Ювентус
04.05.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dybala.,аларга конул бурбай эле кой
04.05.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Буюрса Реал чемпион
04.05.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пффф.ээ роналдуда 1.5 алса уятта э ал 50%ишти аткарып жатпайбы.анан вообще поляга чыкпагандар жыргап кардын сылап калышат экенда биздин чондорго окшоп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: