super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-МАЙ: 88 жыл мурун атактуу англиялык актриса Одри Хепбёрн төрөлгөн

 
Кичинекей кезинде
Алгачкы сүйүктүүсү, актёр Уильям Холден менен
Биринчи жолдошу Мелом Феррер менен
Экинчи жолдошу Андреа Дотти менен
Өмүрүнүн акыркы жылдарын бирге өткөргөн сүйүктүүсү Роберт Уолдерс менен

Мындан 88 жыл мурун, 1929-жылы 4-майда атактуу англиялык актриса Одри Хепбёрн Бельгиянын Брюссель шаарында төрөлгөн. Аны көпчүлүк актриса жана фотомодель катары таанышат. 1953-жылы "Римдеги эс алуу" тасмасында жараткан ролу үчүн "Оскар", кийин ошол эле эмгеги үчүн "Алтын глобус" сыйлыктарына арзыган актриса капыстан оор дартка (жоон ичегидеги шишик) кабылган. 1992-жылы 1-ноябрда ага операция жасалып, бирок операция, көпкө созулган дарылануулар да эч жардамын берген эмес. Ошентип таланттуу актриса 1993-жылы 20-январда 63 жаш курагында көз жумган. Ал кинодогу акыркы ролун режиссёр Стивен Спилбергдин "Дайыма" фильминде аткарган.

Жеке жашоосу

Одри Хепбёрн "Сабрина" тасмасында аны менен бирге роль жараткан актёр Уильям Холден менен кыска убакыт сүйүү мамилесинде болгон. 1954-жылы актёр жана режиссёр Мелом Феррерге турмушка чыгып, 6 жылдан кийин Шон деген уулдуу болушкан. 1968-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. 1969-жылы актриса италиялык психиатр Андреа Доттиге баш кошуп, андан Люк аттуу уулдуу болгон. Күйөөсүнүн анын көзүнө чөп салуусунан улам жубайлар 1982-жылы эки ажырым жолго түшүшкөн. Одри Хепбёрн 50 жашында голландиялык Роберт Уолдерс аттуу голландиялык актёрду жолуктуруп, аны менен өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин бирге болгон.

4-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.05.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу айым болгон экен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: