super.kg logo

"Город 312": "О! мобилдик оператору инновацияны жакшы көрөт"

 

Баарыбыз жакшы көргөн «Город 312» тобунун чоң концерти 1-майда Бишкекте өттү.
"Чындыгында, мындай иш-чараларда биздин канчалык көп экендигибизди жана биз бириксек кандай күч экендигибизди сезе баштайсың!" - деп О! мобилдик операторунун операциондук иш боюнча директору Алла Опариенко саламдашууну баштады.

Бишкек эстафетаны Жалал-Абад жана Ош шаарларынан кабыл алды. "Биз концерттерибизге келген 20 миңден ашык адамды бириктире алдык, алар биздин жаңы уникалдуу тарифтер тизмегибизди "О!'го которул + ТВ`ны" колдоо үчүн келишти. Бул тарифте сиздер жакшы көргөндөрдүн баары – акысыз байланыш, чексиз интернет жана буга кошумча мобилдик телеберүү бар", - деп улады маркетинг боюнча директор Дмитрий Жуков. - Биз компаниябыздын башкы принцибине турабыз – ар бирибизге керекти гана сунуш кылуу, бардык жаңыларды сынап көрүү жана Кыргыз жарандарына жалаң гана мыктыны сунуш кылуу.
Айтылганды ырастоо үчүн чоң концерт башталды. "Шаардыктар" өзүлөрүнүн юбилейлик программасын тартуулашты. Жакында эле коллективге 15 жыл толду! Светлана Назаренко жана анын командасы күчүн жүз пайызга жумшашты! Сахнадан энергия жана адреналин куюлуп жатты! Биринчи болуп топтун гимн ыры - "Небо в алмазах" жаңырды. Көрүүчүлөр сүйүктүү музыканттарын өз смартфондорундагы фонарларын күйгүзүп, колдорун көтөрүп бир калыпта ыргалуу менен аябай колдоп жатышты. Аянтча миңдеген жылдыздар бүлбүлдөгөн асманга окшошуп калды.


- Саламатсыздарбы, урматтуу жердештер? – деп бардыгына «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко кайрылды.

– Биздин коллективдин көпчүлүк бөлүгү Бишкектен. Биз бул жерде туулуп өстүк жана биздин сонун өлкөбүздөн алыс жүргөндө, сүйүктүү шаарыбызды аябай сагынабыз. О! мобилдик операторунун аркасы менен биз бүгүн бул жактабыз. Биз бул компаниянын көп жылдан бери билебиз. Ал кандай өсүп-өнүгүп жатканын көрүп жатабыз. Анда иштеген адамдар жашоого кызыккан гана адамдар эмес, алдыга карай алысты көрө турган адамдар. О! оператору ар түрдүү инновацияларды жакшы көрөт, демек, алар биздин, баарыбыздын бир жерге токтоп калышыбызга мүмкүндүк бербейт!
Концерт эки сааттан ашык болду, бардыгы бир дем менен өттү. Көрүүчүлөр "Девочка, которая хотела счастья", "Фонари", "Обернись", "Амигос", "Невидимка", "Останусь" хиттерин кошулуп ырдашты. Жыйынтыгында Светлана Назаренко бардык музыканттарды - гитара - Маша, экинчи гитара - Александр, бас-гитара - Леон, клавишалык - Дима, урма инструмент – Никти тааныштырды. Ник өзүнүн эффективдүү солосун көрсөтүп, күүлдөгөн эмоцияларды жаратты.


"О! мобилдик операторуна бүткүл шаар боюнча ушундай унутулгус майрам тартуулагандыгы үчүн чоң рахмат!" - деп көрүүчүлөр өз сезимдери менен бөлүшүштү.

"Светлананын жандуу үнү, добушу жана укмуштуудай харизмасы бул күндү мыкты кылды! Бардыгы сонун уюштурулгандыгын белгилегим келет. Командаларга, көрүүчүлөргө жана чакырылган жылдыздарга ушундай позитивдүү энергетика үчүн рахмат!"
Ошентип концерт көңүлдө каларлык эң мыкты таасир, энергия зарядын жана жаңы горизонттордо ишенимди калтырып дүңгүрөп өттү.
Толук фото жана видеоотчёттуу концерт кандай өткөнүн О! мобилдик операторунун социалдык тармактардагы: Facebook, «ВКонтакте», Instagram, «Одноклассники» расмий барактарынан көрүңүздөр.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.05.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ошканы раса мактадыныздарго)))
04.05.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
О'шка в перед!
05.05.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оз олконорго салым кошкунар келсе МЕГАКОМГО кошул
05.05.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мегаком эле иштетем Кыргыз элиме салымкошуп жатам 120 сом менен 3500 мега байт сатып алам
05.05.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sardarakam,элгеби же бирөөнүн чөнтөгүнөбү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: