super.kg logo

ТЕСТ: Кыргыз Конституциясын билесизби?

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күн. Эгемендүүлүктүн символу, мамлекеттин жаңы тарыхында зор саясий мааниси бар майрам тууралуу эмнелерди билесиз? Тесттен өтүп билимиңизди текшериңиз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

Баш мыйзамга ылайык Кыргыз мамлекетинде кайсы тил расмий тил болуп эсептелет?

Баш мыйзамда орус тили расмий тил катары жазылган.

Кийинки суроо


Кыргыз тили
Орус тили
Англис тили

2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Конституцияда канчанчы жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө болбойт деп жазылган?

2010-жылы жалпы республикалык референдумда Конституцияга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизбөө мыйзамы кабыл алынган.

Кийинки суроо


Чектөө коюлган эмес
2016-жыл
2020-жыл

Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышын ким көзөмөлдөйт?

108-беренеге ылайык, Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөлдү Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.

Кийинки суроо


Президент
Акыйкатчы
Жогорку Кеңеш

Дүйнө жүзү боюнча алгачкы Конституция кайсы жакта, качан жазылган?

Дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу Конституция АКШда 1787-жылы жазылган.

Кийинки суроо


Улуу Британия, 1877-жылы
СССР, 1900-жылы
АКШ, 1787-жылы

Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынганына быйыл канча жыл болду

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганына быйыл 24 жыл болду. Баш мыйзам 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган.

Кийинки суроо


25
24
20

5-Май майрам катары белгиленет. Бул күнү Кыргыз жарандары ...

Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышынын урматына 5-Май жалпы элдик майрам деп жарыяланган. Баш мыйзамга ылайык бул күнү бардык жарандар эс алууга укуктуу.

Кийинки суроо


Билим алууга укуктуу
Эс алууга укуктуу
Иштөөгө милдеттүү

Баш мыйзамга ылайык Кыргыз жарандары канча жашка толгондо шайлоого катыша алышат?

Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.

Кийинки суроо


16 жаш
20 жаш
18 жаш

Конституцияга ылайык президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү качан бүтөт?

Баш мыйзамга ылайык президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат. Алмазбек Атамбаев 2011-жылы 1-декабрда ант берген. Конституцияга ылайык президенттин ыйгарым укуктары 2017-жылдын 1-декабрында бүтөт.

Кийинки суроо


2018-жылы 1-январда
2017-жылы 1-декабрда
2018-жылы 1-февралда

Баш мыйзамда жазылбаган беренени белгилеңиз...

Баш мыйзамдагы адам укуктары жана эркиндиктери жазылган бөлүмгө ылайык, ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат. Кыргыз Республикасында кулчулукка, адамдарды соодалоого жол берилбейт. Ошондой эле бала эмгегин эксплуатациялоого тыюу салынат.

Кийинки суроо


Конституцияда өлүм жазасына тыюу салынат
Бала эмгегин эксплуатациялоого жол берилет
Кулчулукка, адамдарды соодалоого тыюу салынат

Конституциянын "атасы" аталган саясатчыны атаңыз...

Өмүрбек Текебаев 2010-жылы шашылыш кабыл алынган Конституциянын “атасы” катары белгилүү. Курманбек Бакиев бийликтен кеткенден кийин 2010-жылдагы референдум жолу менен кабыл алынган Конституциянын негизинде Кыргыз мамлекети Борбор Азияда алгачкылардан болуп парламенттик башкаруу системине өткөн.

Кийинки суроо


Аскар Акаев
Алмазбек Атамбаев
Өмүрбек Текебаев

Баш мыйзамда канча берене, канча бөлүм бар?

КРнын Конституциясында 114 берене, 9 бөлүм бар.

Кийинки суроо


114 берене, 9 бөлүм
104 берене, 8 бөлүм
117 берене, 5 бөлүм

Конституцияда президент тууралуу канчанчы бөлүмдө жазылган?

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо, президенттин укуктары жана милдеттери 3-бөлүмдө жазылган.

Кийинки суроо


1
2
3

Кыргыз Республикасынын Конституциясы акыркы жолу качан өзгөртүлгөн?

Конституция акыркы ирет 2016-жылы 11-декабрда референдум аркылуу өзгөртүлгөн.

Кийинки суроо


2010-жылы 27-июнда
2016-жылы 11-декабрда
2010-жылы 7-апрелде

Конституциянын түп нускасы жок экенин айтып чыккан министр...

2016-жылы октябрь айында Жогорку Кеңештин отурумунда Баш мыйзамдын түп нускасы бар-жогу боюнча маселе көтөрүлүп, Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Конституциянын түп нускасы жок экенин айткан.

Кийинки суроо


Жылдыз Мамбеталиева
Улан Исраилов
Ирина Карамушкина

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
05.05.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ... орус тили кыргыз мамлекетинде расмий тил???
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-05 13:10:28
05.05.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
PROS, этика нормаларын сактаңыз.
05.05.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен дагы расмий тил кыргыз тили десем эле орус тили деп челюсту тушурду
05.05.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура жооп 10 ( 72бал ). Тан калганым расмий тилибизди ээми билдим.
05.05.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
65
05.05.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100баллл
05.05.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мамлекеттик тил Кыргыз Тили, расмий орус тили.
05.05.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
86 Балл
05.05.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
86%
06.05.2017. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
58балл
05.12.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТЕСТ: КЫРГЫЗ КОНСТИТУЦИЯСЫН БИЛЕСИЗБИ? Сиздин упайыңыз 86 ТУУРА ЖООП: 12 КАТА ЖООП: 2 ЖАЛПЫ: 14 СУРОО
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: