super.kg logo

Албарстыны "баскан" сулуулар: "Бизди көчөдө таанып калгандар "Албарсты" деп кайрылып калышты"

 
Касиет Канатбекова
Рано Раберта
Ева Стамбаева
Клиптин аткаруучу продюсери Аскар Думанаев

Интернетте популярдуу болуп жаткан "Албарсты мени басты, анан мен аны бастым. Ууу-уу-уу-уу..." деген саптарды камтыган ырдын клибинин ырчылары SUPER.KG порталына эксклюзивдүү маек куруп беришти.

Кыздар 18-20 жашта, алар борбордогу моделдик агенттиктердин биринде иштешет. Алардын бири Ева Стамбаева окуусунан сырткары кытай, англис, түрк тилдерин өздөштүрүү менен алектенерин айтты. Ал эми медициналык билим алып жаткан Рано Раберта тай боксу менен машыгып, чет тилдерди үйрөнүүгө кызыгат. Үчүнчүсү Касиет Канатбекова хоббиси бийлөө экенин билдирди.

Кыздардын айтымында, роликке алар тартуучу топтун чакыруусу менен, кастинг аркылуу тандалып алынган.

"Видеону мынчалык популярдуу болот деп ойлогон эмеспиз. Аз убакыттын ичинде көп жолу көрүлүп, талкууга алынды. Ага атыбызды тааныталы деп тартылган жокпуз. Буга чейин бир нече видеотасмаларга тартылганбыз, муну дагы ошондой видеолордун катарын толуктайт деп ойлогонбуз. Ал эми анын сценарийин биз көп кыздардын ичинен тандалып алынгандан кийин билдик", - дешти алар.

Роликке терс пикир калтырган адамдар боюнча кыздар буларды билдиришти:

"Канча адам болсо, ошончо пикир бар эмеспи... Андыктан биз аларды "мындай сүйлө", "тигиндей айт" деп үйрөтө албайбыз. Роликке карата терс сын-пикирлер көп жазылып жатат. Жашоодо биз роликтегидей эмес, башкача адамдарбыз. Тамашаны түшүнгөндөр бар, түшүнбөгөнү андан көп. Албарсты эч качан силерди баспасын".

Катышуучулардын бири Рано буга чейин аны албарсты баспаганын, бирок кечээ түндө жаман уктаганын айтты. Кыздар ата-энелери видеороликти юмор катары кабыл алышканын, ошондой эле аларды көчөдөн көрүп таанып калгандар "Албарсты деген сенсиңби?" деген суроо узатып, "Албарсты" деп кайрылып жатышканын кошумчалашты.

"Албарстынын" аткаруучу продюсери Аскар Думанаев роликти "Албарсты" сөзүн элге сиңирүү үчүн тартышканын, анын идеясы тасманын режиссёру Бакыт Асылбек уулуна таандык экенин айтат:

"Бул роликти жакында чыга турган тасма үчүн тартканбыз. Ырдын сөзү, музыкасы авторлору - "Hackmee" тобунун мүчөлөрү. Роликти тартуудагы максатыбыз тасманы пиарлоо болчу. Мындан улам "Албарсты" деген сөздү элге сиңиртели дедик. Албарстынын ролун аткарган актёрдун ким экени сыр бойдон калсын. Роликтеги "ууу-уу-уу-уу" деп созулуп ырдалган жер албарстыны коркутуп жаткандай түр көрсөтүү үчүн кошулган. Ал эми кыздардын бийиндеги кыймыл-аракеттерин, мимикаларын, ар бир жаңсоолорун тартуу учурунда ойлоп таптык. Алар колдорун Албарстыны чакыргандай кыймылдатышат".

Белгилей кетсек, видео интернетке жүктөлгөнүнө 2 күн боло электе 200 миңден ашуун көрүү топтой алган.






Албарстыны "баскан" сулуулар SUPER.KG'ге маек беришти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(94)
05.05.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Баспай олсун ошо албарстынар
06.05.2017. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Таанылбай олуп эле калгыла, атанар эмне
дейт?
06.05.2017. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dilnaz.kiko,они беременные албарстыбектен
05.05.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Озунорду таанытыш болбосо максатынар неге келдинер интервю бергени супер инфого ХХХ десе
Модератор admin_media түзөттү 2017-05-05 23:12:06
05.05.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ева дегени Тогуз-Тородон го.уят!!!
05.05.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эгер жогоруда оздорун "жылдыз" сезген, "албарстыны" б.а. "тошок оюнун" рекламалагандар, комментти окуп калсанар телефон номерлеринерди калтырып койгулачы, менин силерге чын журоктон чыккан "каалоолорум" бар, анан да бир эле менин эмес, копчулуктун...

Аттин ай, ушулардын тизгинин тартып, "ордуна коюп коер" жокпу ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-05-05 23:13:17
05.05.2017. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Patriot7, провокацияга жол жок!
05.05.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Тапкан ырын кара, шермендечилик!!! "Албарсты мени басты, анан мен аны бастым" б.а. "Ар туну келип, Атам апамды басты, анан апам атамды басты". бул эмне деген сандырактык!!!
05.05.2017. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Эч кимди укпагыла кыздар, ар кимди уга бергенде Эдиссон лампочканы ойлоп таппайт эле. Башты бийик которгуло и Алгааааа!!!
Ийгилик красавицы. Ку ку тем кто завидует.
05.05.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
suban78, чон эле адам экенсин уул уйлоп кыз узата турган. Уят эмеспи!!! Мусулман адамдын кеби болдубу?!! Мусулманбыз деп тош каккандарды мындайда таппай да каласын. Чубак ажы тууралуу кеп айтсан кайдан жайдан пайда болушат. Мусулман экенинер чын болсо кой дебейсинерби буларды!!!

Маланият минисрлиги "уктап" жатабы, чара корбойбу?!! Тыю салынып жок кылынсын бул шерменде клип. Актерлер менен продюссер, режиссерлор кылмыш жообуна тартылсын!!! Кыргызды шерменде кылдынар!!!
06.05.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
suban78,тфуу сага да
05.05.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Оюнарда эл акмакпы, эмне албарсты кундо эле баса береби, анан силер албарстыны кутуп ал басса, аны силер басасынарбы?!! Эмне жомок айтканынарды тушундунорбу?!! Качан, кимден уктунар адам албарстыны басканын?!! Жомок айтпай эле "тошок оюнун" айтканбыз деп чындыкты мойнунарга албайсынарбы?!! Мусулмансынарбы?!! Исламда калп айтуу, ыймансыз жорук-жосундар куноо экенин билбейсинерби?!! Дагы уялбай "популярдуу" болгонунарга сыймыктанасынар да?! Уят уят уят!!! Ыйман, намыс кайда кал
05.05.2017. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
аскат думанаев менен бакыт асылбек уулу, номеринерди калтырып койгулачы, экоондо кеп бар суйлошо турган.
05.05.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыр жеңил ойлуу кыздар көбөйүп баратат ырчы же башка болуу үчүн баарына даярмын деген. Буларга ырдын мааниси же башкасы кызыктырбайт негизгиси өзү чоң экрандан чыгып поп болсо болду. Сын тагышка деле кажет жок баарыбир жетпейт!экран артында намыскөй болуп көрүнгөн менен андай сезим деле жок мындайларда
05.05.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Төшөктөгү мамилени айткандай эле болуптур... тиги үчөө (адам баласы) качан басты эле албарстыны. Дин аалымдары албарсты жөнүндө эмне дейт болду экен. Айланайындар бир жакшы нерсени алып чыгалы эл алдына
05.05.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Интернетте терс комменттер көп болуп атат, тамашаны түшүнгөндөр бар, түшүнбөгөндөр бар дешиптир экен. Терс пикирлер көп эмес, 100 % терс пикир. Демек , силердин тамашаңарды эч кимибиз түшүнбөдүк. Ыр эмес, ролик эмес, ТАНТЫРАК !
06.05.2017. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туфта кыздар экен оздорун пиар кылышып ата энеси барбы же детдомскийлерби бар болсо тыйып койсо болмок
06.05.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде менталитет ушундай да эми кыргызбыз...туура келбейт бизге уят кокуй ...ар кимдин башы озундо ...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: