super.kg logo

Борбор Азиядагы Америка университети Жаңы муун академиясында акысыз билим алууга сынак жарыялайт

 

Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Жаңы муун академиясы (ЖМА) интенсивдүү университетке даярдоочу бир жылдык окуу программасын сунуш кылат. Окуу программанын негизин англис, орус жана кыргыз тилдери курстары жана математика сабагы түзөт. Окуудан тышкары академиянын студенттери БААУнун студенттик клубдары менен бирге (шахмат, дебат, театр ж.б.), ар түрдүү семинарларга, лекцияларга катыша алышат.

Сынакка бардык орто билим берүү окуу жайларынын (орто мектеп, техникум, колледж, институт ж.б.) быйылкы бүтүрүүчүлөрү катыша алат.

Стипендиялык программа студенттердин төмөнкү чыгымдарын каржылайт:

  • Бир жылдык окуунун толук наркы
  • Окуу мөөнөтү аяктаган убакка чейин жатакана
  • Айына төлөп берилүүчү стипендия

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү окуу программанын ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу официалдуу сертификатка ээ болушат.

ЖМАнын стипендиясынын керектүү документтери жөнүндө толук маалыматты ЖМАнын www.nga.auca.kg сайтынан тапсаңыздар болот.

Маанилүү даталар:

  • 5-ИЮНЬ 2017-жыл – толтурулган форманы жана бардык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү;
  • 5 -10-ИЮНЬ 2017-жыл – документтерди карап чыгуу жана жарым финалчыларды тандоо;
  • 13-14-ИЮНЬ 2017-жыл – Бишкек шаарында англис тилинен тестирлөө жана маектешүү өткөрүү;
  • 20-25-ИЮНЬ 2017-жыл - финалга өткөн катышуучуларга телефон аркылуу маалымдоо жана стипендияларды ыйгаруу;
  • 1-СЕНТЯБРЬ 2017-жыл - ЖМАда 2017-2018-окуу жылынын башталышы.

ЖМАнын стипендиясынын атайын толтуруучу формасын кайсы жерден алууга болот?

ЖМАнын стипендиясынын атайын формасын биздин расмий интернет баракчадан www.nga.auca.kg жана ЖМАнын БААУдагы кеңсесинен алууга болот.

Документтерди кайда тапшыруу керек?

Кыргызстан, Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, №420 кабинет

Борбор Азиядагы Америка университети, Жаңы муун академиясы.

Байланыш үчүн маалымат:

Расмий интернеттеги баракча: www.nga.auca.kg

Электрондук дарек: nga@auca.kg

Тел.: + 996 (554) 55-09-39/ +996 (312) 91 50 00 (кошумча: 486, 485)

Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: