super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Чаткалда майда жер көчкүлөрдүн айынан унаа жолдор бузулууда. ӨКМ текшерип, кооптуу же коопсуз экенин аныктап берсин" дейт окурман

 

"Чаткалда майда жер көчкүлөрдүн айынан унаа жолдор бузулууда", - деп билдирди окурман SUPER.KG порталына.

"Чаткал районунун Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунда майда жер көчкүлөрдүн айынан жол ичкерип көчүп жатат жана тоолордо ар кандай майда жаракалар пайда болгон. Жолдор бузулуп, машиналар зорго өтүп жатышат. Мамлекет ушул нерселерге көӊүл бөлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тийиштүү чараларды көрүп, канчалык коркунучта экенин текшерсе. Кичинекей дегени менен Ала-Бука-Чаткал жолун байланыштырган жалгыз ушул жол.

Фирмалардын баары Чаткалда, алардын дагы оор чоӊ КамАЗдары ушул жол менен өтүп, кайсы бир деӊгээлде таасирин тийгизип жатат. ӨКМ алдын ала текшерип, кооптуу же коопсуз экенин аныктап берсин. Жолдор, тоолордун, дарыялардын абалы начар, коркунуч жаратып жатат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
09.05.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
kamaz emes fura dep aitylat
09.05.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл даарыса ХХХ кошо даарыптыр деген соз бар беле. Машине тыгылса деле айта бербегилечи кочку деп. МЧС бул жактан бошобой жатат. Керек болсо орт очуруучулорда жардамга чыгып кетишкен киши омурун алган коркунучтуу жерлерге.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-09 16:57:30
09.05.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоноткон адам фуранын ээси го дейм
10.05.2017. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм,,Кыргызстан учун мындай жолдор жанылык эмес...Чаткалда кочку жургондон кийинки абал ушундай болсо...бизде Ысык-колдо кочку журо электеги жолдорго Мышык ыйлааайт...кышкысын жон кой жайкысын жаан чачында жумалап жол жолдор жабылат го чиркин айылдар жакка..
10.05.2017. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир нерсе болсо эле окмот дебей башты иштетип озунордун омурунорду ойлоп нормально жерге уй кургулада! Тоо ташка уруксаты жок уй салып анан какшана бербей! Ансыз деле мамлекет алсыз мин айтсан да ага кучу да акчасы да жетпйт! А чиновниктерге баарыбир!
10.05.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жолдордо жер кочуп,тал теректи суруп кеткен,жана да Бир жеринде жол чогуп чукурайып аткан болчу,аларды да чыгарбаптыр да.Кичине нерсени да айта бересинерби дептир,ушунчасысында алдын албаса,кийин не Болот.качан болуп буткондо айтыш керекпи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: