super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Эстелик" клибиндеги апа согушта жакындарын жоготкондуктан образга кирип ыйлап, жакшы аткарып берген" дейт Самара Каримова

 

Сөзү Атакул Жакыповго, обону Хабибилла Азиреткуловго таандык Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу белгилүү "Эстелик" деген ырды Самара Каримова аткарып чыгып, клип дагы тарткан.

Ырчы клиби тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

"Клип 2015-жылы Ош облусунда бир жуманын ичинде тартылып, ага уулум дагы катышкан. Улуу Жеңиш оңой эле келген эмес. Согуштун кесепетинен канчалаган балдар жетим, аялдар жесир калып, жакындарын жоготкондордун көз жаштары төгүлгөн. Кичинекей кезимде бул ырды уккан сайын таасирленип, ырдап чыккым келчү.

Клип аркылуу "эч качан энелер ыйлабасын, тынчтык болсун. Бакубаттуулукта, тынчтыкта жашап жатканыбыздын кадырын билели" деген ойду берели дегенбиз. Клиптеги апа согушта жакындарын жоготкондуктан, бат эле образга кирип ыйлап, жакшы аткарып берген", - дейт ырчы.

"Эстелик" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: