super.kg logo

Ырчы Нурлан Насип: "Асел айылга барбайм десе, унаага жүктөп кетем"

 
Таттыбүбү Садырбекова, Нурлан Насип жана Максат Орозумбетов

Бүгүн, 10-майда саналуу мүнөттөрдөн кийин баштала турчу SUPER.KG порталынын түз эфирине көптөгөн хит ырлардын ээси, учурдун белгилүү ырчысы, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча 2012-2013-2014-жылдары "Супер ырчы мырза" наамына ээ болгон Нурлан Насип келет. Буга чейин ырчы биздин портал аркылуу күйөрмандарына байланышка чыгары тууралуу билдиргенбиз.

2 саат бою "Супер ТВ" бөлүмүнүн алып баруучулары Максат Орозумбетов жана Таттыбүбү Садырбекова Нурлан Насипке окурмандар тарабынан калтырылган суроолоруна жооп алып беришет. Андыктан сүйүктүү ырчыңызга сурооңузду берүү мүмкүнчүлүгүн коё бербеңиз.

15:08. Ырчы Нурлан Насип саат 15:00дө башталчу түз эфирге кечигип жаткан кези.

15:18. Ырчы Нурлан Насип түз эфирге келип, учурашып, күйөрмандарынан кечирим сурады.

"Кечиккеним үчүн кечирим сурайм. Ушундай болуп калды. Концерт койсок деле элдер кечигип келишет", - деп гана кутулду ырчы.

15:20. "Самара менен акыркы клибиңер жакшы чыкты. Бирок ошол клиптен кийин "ал күйөөсү менен ажырашып кетиптир" деген ушактар жүрүп жатат. Ошол туурасында айтып берсең, рахмат", - деген окурман.

"Кадимкидей эле жашап жатышат, Кудай сактасын. Тойлордо деле чогуу ырдап чыгып жатабыз", - дейт Нурлан Насип.

15:24. "Нурлан, Аселден сени кызганам. Сүрөттөргө кол кармашып түшкөн сайын жүрөгүм ооруйт. Мени көрсөңүз, сүйүп каласыз. Сизге жетүү үчүн эмне кылышым керек?" - деген суроо таштаган колдонуучу.

"Сүйүп калсаңыз жакшы экен. Көрүш керек экен (күлүп). Күйөрмандарымды сыйлайм. Сүйүүлөрүн социалдык баракчалардан билдиришет. Мен үчүн бардык күйөрмандарым бирдей", - дейт Нурлан Насип.

15:26. Maika аттуу колдонуучу: "Сизге карата айтылган негативдүү сын-пикирлерди укканда да башкалар сыяктуу дароо ачууланбастан, күлүп, тамаша катары кабыл алып, жумшак жооп бергениңиз жакты. Бул адатыңыз башынан эле барбы же элге таанылып калгандан кийин мындай мамилелерге "иммунитет" пайда болдубу?"

"Негативге көӊүл бурбайм. Мага деле бирөө жагат же жакпай калышы мүмкүн. Андыктан мен деле бирөөгө жаксам, башкасына жакпайм, түшүнөм. Эл алдында болгондон кийин интернет аркылуу талашып-уруша берүү кызыктай көрүнөт. Ар кандай сын-пикирлер болушу мүмкүн. Аларга көңүл бурбайм. Жакшы жазгандарга чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем", - деди ырчы.

15:29. "Мурунку элге тааныла элек Нурлан менен азыркы Нурландын кандай айырмасы бар?"

"Айырмасы бар. 10 жыл мурун Аваз менен аянтта түшкөн сүрөтүбүз интернетке тарап кетти, көрсөңүздөр керек. Мен аянттан сүрөткө түшкөндү жакшы көрчүмүн. Ош базардан ошол шымды алгам (күлүп). Ал сүрөттү ким жарыялаганын билбейм, бирок аябай талкуу жаратты".

15:33. WhаtsApp аркылуу келген суроо: "Бир үйлөнгөндөн кийин да, бир кызды сүйүп калсаңыз экинчи турмуш курат белеңиз?"

"Бирөөнү сүйүп калышым кыйын, аны жоготуу да кыйын экен, өзүмдү текшерип көрдүм. Мен аял алсам болду, аны бактылуу кылам. Жеке жашоо мен үчүн башка нерсе. Жеке жашоомду айткым келбейт. Так-ачык чыккандан кийин гана айтып чыгам. Ар кандай ушак сөздөр мамилени бузуп коёт экен. Өз убагы келгенде күйөрмандарыма жарыялайм".

15:40. Аiturgasha: "Эгер үйлөнсөңүз, популярдуулугумду жоготуп алам деп коркпойсузбу? Эгер сизге тандоо керек болуп калса, досуңузду тандайсызбы же сүйгөнүңүздүбү?"

"Үйлөнсөм популярдуулугумду жоготом деп коркпойм. Мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат. Убактылуу атактуулук үчүн үй-бүлөдөн баш тартпайм. Дос же сүйгөн кызымды тандаш керек болсо... Андай нерседен Кудай сактасын. Досума "кыз да таарынып калат" деп түшүндүрүп айтмакмын. Чыгармачылыкта аялың түшүнүктүү болушу керек. Аны туура тандаш керек. Баарынан бөлүп салчу да аял", - дейт Нурлан Насип.

15:45. WhаtsApp аркылуу келген суроо: "Асел Кадырбекова "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде "Нурландын Асел экөөбүз сүйлөшпөй калдык дегенине таң калдым" деген эле. Себеби сиздердин мамиле солгундап кеткенде бул тууралуу коомчулукка жарыялабайбыз дегениңиздерди айткан".

"Кыз киши эмоционалдуу болот да. Бирок мен урушуп, таарынышканда эч кандай жаман комментарий берген эмесмин. Балким, айтылган нерсеге ачууланып жооп кайтаргысы келген. Мен аны окуганда баягы негативдүү жазгандарга карагандай жөн эле күлүп койгом. Мен чынында ал жөнүндө деле унутуп коюптурмун. Кыз кишини кемсинтпейм. Аял киши да эркектин көзүн карачу жерден карайт. Кыз кишини да түшүнүп коюш керек", - деген жооп узатты ырчы.

15:48. Учурда ырчы Нурлан Насип алып баруучу Максат Орозумбетовду туулган күнү менен куттуктап жатат. Ырчы оозуна чупа-чупстарды салып аккордеон менен ырдап жатат. Алгач ал тиштерин брекет салдырып, оңдотуп жатканын айта кетти.

15:54. "Тишиңизге брекет тагынып калыпсыз. Бул элдин сынынан тажаган үчүн эмеспи? Жүдөткөн жокпу?" - дейт колдонуучу.

"Акыркы күндөрү тамашалар болуп кетип жатпайбы...(күлүп). Тиш доктурга барып калсам, сунуштап калды. Өзүм да кызыгып кетип салдырдым. Башында 2-3 күн кыйналдым, баары мени карап жаткандай болду. Досторум көрүнбөйт экен дешти, анан көңүл бурбай калдым".

15:58. Нурлан Насип Асел Кадырбекова менен мамилеси тууралуу убагы келгенде гана айтарын билдирди.

16:04. "Ушул күнгө чейин кандай жакшылыгыңыз үчүн өзүңүз менен сыймыктанып, ыраазы болосуз? Ырчылыктан башка элге айтпаган кандай өнөрлөрүңүз бар? Жашооңузда сизге сабак болгон окуяларыңыздан айтып бериңизчи".

"Кичине кезимден бери үй салсам дечүмүн. Жакында эле там салдым. Ата-энемди бул жакка көчүрүп келдим. Ырчылыктан тышкары башка жаатында деле өнөрүм бар. Мисалы, айыл жергесинде жумуш кылчумун, мал багып, эгин эгип. Дос күтүүдө сабак алдым. Достор көп. Алардын да түрлөрү болот, сүйүнүчүңдү бөлүшкөн, "сатып" кеткен... Чыныгы дос деп баарын айта албайм. Арасында "сатып" кеткендер да болду. Мен өтө ишенчээкмин. 2-3 жолу алдангандан кийин досторго кылдат карап калдым. Жакын дос башка, баарына эле бирдей караганга аракет кылам. Бирок "досуңдун да, досу бар" дешет го...", - дейт ырчы.

16:16. "Асел Кадырбековага iPhone 7 смартфонун белек кылганыӊызды Асел жарыялаганын билебиз, бул сиздин ага берген эӊ кымбат белек болдубу же мындан да кымбат белек бердиӊиз беле? А апаӊыз кайсы үлгүдөгү телефонду көтөрөт?"

"Жок, телефон берген эмесмин. Апам Самсунг телефонунун акыркы үлгүсүн көтөрөт", - деп жооп берди ырчы.

16:20. Arti: "Салам, Нурлан! Келбетиңизди күзгүдөн карап, өзгөрткүңүз келген жери болду беле?"

"Жок, өзгөртө турчу жерим жок. Келбетти Кудай берген. Кореяда 11-классты бүткөндөн кийин пластикалык операцияга акча берет экен. Кыргыз деле артта калбай, азыр кыздарыбыз, кыздар, таарынбагыла (күлүп) унааныкындай болуп бампер бурулуп калып, сырдашат го (күлүп), 2006-жылкыны 2016-жылкы кылып коюп жатышпайбы...", - деп тамашалады Нурлан Насип.

16:23. "Чыгармачылык менен эки жакка көп чыгасыз. Алданып же тойлордон акчаңызды ала албай калган учурлар болобу?"

"Болот, кээде каратып туруп алдап жатканы билинип калат. Андай учурда "акчаңар өзүңөргө буюрсун" деп кетип калам", - деди ырчы.

16:26. Нурлан Насип жакынкы жылдары шакирттерди топтоо ою бар экенин билдирди.

16:28. "Бололу бирге" клибиндеги туфли эркектердикиби? Мен аялдардын бут кийимин сатам, ошого окшош үлгүлөрдөн. Кайдан алдың? Сен кийип чыккандан кийин өтө жакшы кетти ошол бут кийимдер".

"Туфли бир аз башкачараак (күлүп), Кореядан 100 долларга алгам. Бирок сахнада жакшы көрүнөт. Сатып жаткан байке кыстап, арзандатып берген. Эрнис (клипмейкер) алганда да ошол туфлиден баштаган экен", - дейт күлүп.

16:34. "Толоюн деген оюңуз барбы?" - дейт Snejinka.

"Бар, толоюн деп жатам, бирок болбой жатат. Быйыл орозо кармап, өзүмдүн чыгармачылыгымды бир аз токтотуп, эс алайын деп жатам. Бош жата албаган адаммын, 2 күн бош болуп калсам, жүрөгүм кысыла баштайт. Ар дайым кыймылда болгонду жакшы көрөм. Бир жума болсо да, телефондорду өчүрүп, Токтогулга жайлоого барып келейин деп жатам", - дейт Нурлан Насип.

16:39. Babi.: "Жалгыздык сиз үчүн эмне? Улуттар аралык никеге көз карашыңыз? Чарчаганда кантип эс аласыз?"

"Жаман нерсе, бир туугандарыңдын, жакын адамдарыңдын жок болуусу жаман нерсе. Эч качан жалгыздыкка кабылбайлы. Ал эми улуттар аралык нике... Ар кимдин өзүнүн жеке жашоосу, алардыкына кийлигишкенди жаман көрөм, негизгиси бактылуу болушса болду. Ал эми чарчаганда көбүрөөк уктаганга аракет кылам, кино көрөм".

16:45. GROM: "Социалдык тармакта ырчылар өздөрү "левый" баракча ачып алып эле бири-бирин "шыбай берет" деп уккам. Ушунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Буга да алдабай жооп берип салчы, кана".

"Чындыгында негативдүү комментарийлерди жазганда ушунчалык жактырбайбы деп ойлоп калам. Кээ бир адамдар айтышат ырчылар эле ачышат деп. Мен "левый" ачкан да эмесмин, жамандаган да эмесмин. Андайдан алыс эле бололу", - дейт ырчы.

16:49. Нурлан Насип логикалык суроолорго жооп берүүдө.

16:55. "Кийин айылга жашаш керек болуп, Асел "барбайм" десе эмне кыласыз?"

"Өзүм кетем да же болбосо унаага жүктөп кетем (күлүп). Анткени аял киши эркектин тилин угушу керек", - деди Нурлан Насип.

16:56. Anya: "Асел сиздин буйругуңуз болбой, башка жигитке турмушка чыгып кетсе эмне кылат элеңиз?"

"Уруксат берем. Эгер ал башканы тандаса, кармабайм. Бактылуу болсун", - деп жооп узатты ырчы.

16:59. WhаtsApp аркылуу келген суроо: "Асел менен Дубайда төө минип түшкөн сүрөтүңөрдү көрдүм. Аселдин ачык кийингени сени кызгандырбайбы?"

"Дубай ысык экен. Өзүнө жарашыктуу болсо болду. Өзүм ысып, жеңи узун көйнөк кийине албай жаттым. Ал жактагылардын кийингендерине салыштырмалуу жакшынакай эле кийинип жүрдү. Балким, сүрөттөрдөн башкача көрүндү", - деди Нурлан Насип.

17:05. Ырчы эфирге 15 мүнөт кечиккендиктен, түз эфир дагы 15 мүнөткө уланат. Учурда Нурлан Насип "Бирге бололу" ырын аткарып жатат.

17:08. "Тун сүйүүмдү сага болгон,
Ушунча да эзесиңби?
Сага арнап ырдап жатам,
Сүйүүмдү сен сезесиңби?

Сага арнаган ак сүйүүнүн,
Кадырына жетесиңби?
Макул болуп мени менен,
Токтогулга кетесиңби?" - деп ырдап жатат Нурлан Насип.

17:10. Adina: "Саламатсызбы? Ысык-Көлгө келип биздин айылга да жакын келип концерт бербей кеткениңизге таарындым, Барскоон айылына. "Адина" деген ыр күтөм сизден. Ишиңизге ийгилик, бакыт каалайм!"

"Барскоонго концерт коюп кеткенбиз. Кээ бир айылдарда концерт койгонго шарт жок болуп калат, андыктан коё албай калабыз", - деди ырчы.

17:12. Нурлан Насип үчүн эркин микрофон берилип, күйөрмандарга каалоосун айтты: "Аман болуңуздар, кыргыз элибиз өнүгө берсин, мен сиздерди жакшы көрөм! Анан эфир бүткөн соң комментарийлерди акырын жазууңуздарды суранам (күлүп)".

17:15. Түз эфир аяктады.


кошулду





Нурлан Насип: "Асель айылга барбайм десе, унаага жүктөп кетем"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(47)
10.05.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сыйлайм жакшы ырчы..ким менен болсонуз да бактылуу болунуз!элдер суйлой берет ...ямочканыз эле бакырат
10.05.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер жашырсанар да эл уже билип бутту окшойт экоон баш кошоорунду.Жон эле ачык айтып койгула да ушундай скоро той деп.Ошондо артынардан эч ким деле пайлабай калат.Бактылуу болгула
10.05.2017. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Awpoz4u, meni_kut, kechirmeni, жеке айтышууларга тыюу салынган! Ар кимдин жеке пикири, көз карашы бар, бир-бириңердин пикириңерди сыйлоону сунуштайм.
10.05.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Максат туулган күнүн мн !!!Бактылуу бол !!
10.05.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуулук тынчтыкты суйот
10.05.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nyrlan bygyn keldibi
10.05.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kambaridinkyzynuriza,ооба
10.05.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынарга ийгилик
10.05.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токомдун балдарыда.
10.05.2017. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жонокойлук эн жакшы сапат,ар дайым ушул бойдон кала бериниз,суроолорум дагы кооп болчу кыскартып 7эле суроо бердим) жоопторго да белекке да чон рахмат! Татыбубу сизге да рахмат,менин суроому сууруп чыкканыныз учун)!
10.05.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асел сага пара эмес сен озуно окшош жөнөкөй кыз тапсаң, мисал учун Нурчолпонго окшогон.Аселде баары жасалма жандуу ырдай да албайт экенго.
11.05.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitumar.17,
Анда айткылачы Асельге татыктуу жигит ким
10.05.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ким менен болсонда бактылуу бол. Кечиресин Асель экоон пара эмессинердааааа ошол жагы ойлонот, убакыт отуп коро жатарбыз.
10.05.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жонокой эле кызга уйлончу сураныч
10.05.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыздар туз эфир абдан жакты,алып барган кыз озгочо азаматсын,ишине ийгилик супердин супер журналистти болушуна ишенебиз!
10.05.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сен эле алам десен Асел жугуруп эле баратго!
10.05.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келечектеги жубайын ылайым ыймандуу, жонокой кыз болсун!
10.05.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баса, өтүп кеткен 8-март – Айымдардын эл аралык майрамы Асел Кадырбекова үчүн мыкты күндөрдүн бири болгон өңдөнөт. Дегеним, ырчы сүйүктүү мырзасы Нурлан Насиптен iPhone 7 смартфонун белекке алганын кошумчалады.
http://www.super.kg/article/show/39843
10.05.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
zara, суйгону Асель гезитке ушинтип чыккан. Бироосу точно алдап жатат. Мунусу берген жокмун дептир Асель болсо берди деп мактанган.
10.05.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданиятка шарт түзүп бергиле эле дей беришет,силер мамлекетке не пайда кылдыңар?
11.05.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат админ менин суроом берилиптир .
11.05.2017. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айфон алып бергени чын эмнеге жашырдын ушунча элдин козунчо
11.05.2017. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мейли да силерге эмне алып береби жокпу кимди алат Аселдиби же башканыбы кыскасы бизге ча ча мача эмес уккулуктуу жан дуйнону ээргитип башка ааламга сунгуткон ырлардан ырдап берип турса болду Нурлан ийгилик каалайм бирок бир жолу клипине тартылган эгиздерге келгенинде жанында мен бар элем 2 ооз соз калоо айтып койбогонсун туулган кунго ошондо сени аябай жаман коруп калгам жылдыз оруун ашынып кеткен окшойт даарыланып ал очпос талант.
11.05.2017. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Асельге телефон алып бергенин сын, анча калп айтып жанына эмне куч келди...
11.05.2017. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эфирлерге неге спорт кийими м.н келет.ушул эле кийми м.н жана да телевизордон көрдүм.Ибрагим Жунусов м.н жолукканданда спорт кийимчен барган,кайсыл жерде кандай кийиниш керек экенин жакшылап өздөштүрүп алчы.
11.05.2017. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай кийинседа Нурлан Насип.Кеп адамдын кийиминде эмес журогундо
Медиа-портал
11.05.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматсын Нурлан өзүң жаш болсоң да обон жаратып,баардык жактан талантың бар экен.Көптөгөн ийгиликтерди жараттың.Чыныгы мырза ушундай болуш керек өткөндү эстеп чукубай.Аял заты эмоционалдуу болушат ошондуктан Аселдин айткан сөздөрүнө түшүнүү менен кабыл алам деп айтканың эң туура.Эркек деген аялдын назиктигин,сезимталдыгын,билип,сезип жашап сүйгөн эркек достойный болуп эсептелет.Сүйүүңөр түбөлүктүү болсун.Сага ийгилик ар дайым!!
Медиа-портал
11.05.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Кийин тигиниси бетин жууса тааныбай калса керек.Анча -мынча макияжсыз журуп кондуро бер,Аселька.А то баягы аялын сотко берген кытайдай болбогула.
Медиа-портал
12.05.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Alibay, асел кадырбекова анчалык страшный эмес, супсулуу эле. Куйгуздунорго ушу асель эжеге асылып.
Медиа-портал
18.05.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
milana0230,оа макияжсыз да аябай сулуу,бойонбосо ото жаш корунот
Медиа-портал
15.05.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Alibay,баласы туулгандан кийинби ха ха ха
Медиа-портал
15.05.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alibay,
SUPER.KG видео
12.05.2017. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Нурлан Насип. Ишине ийгилик!!!!
SUPER.KG видео
12.05.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2

Нурлан ийгилик сизге
Модератор admin_media түзөттү 2017-05-12 14:04:17
SUPER.KG видео
12.05.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырчылык өнөрүндө талаш жок, мүнөзүнда аябай жакты , бир сөз менен айтканда эркек экенсин. Азамат.
SUPER.KG видео
18.05.2017. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
максаттын алып барганы аябай жагат маанилуу создорду суйлойт ийгилик
SUPER.KG видео
24.05.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика каякка кетти
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: