super.kg logo

О!TV тиркемеси: 100 миңден ашык жүктөп алуулар!

 

О! мобилдик операторунун командасы бир нече күн мурун O!TV тиркемеси 100 миң колдонуучунун чегинен өткөндүгүн кубанычтуу маалымдайт.

«O!TV – бул бүгүнкү күнү популярдуу мессенджер менен катар ТОП-10 кирген жалгыз тиркеме made in Kyrgyzstan», - деп белгиледи О! мобилдик операторунун маркетинг боюнча директору Дмитрий Жуков. – Эми телеберүү дайыма сиз менен, сиз бир да кызыктуу программаны өткөрүп жибербейсиз. Биз күн сайын колдонуучулардан ондогон сурамдарды алып жатабыз, ошол себептен сервисти дайыма жакшыртып турабыз. Бизге ишенгениңиздер үчүн биз кубанычтабыз!».

Тиркеме азыркы учурда актуалдуу, себеби анологдук телеберүүнүн өчөрүнө болгону бир нече гана күн калды. Жөн гана O!TV акысыз тиркемесин жүктөп алыңыз, *750*1# буйрутмасын териңиз, андан кийин сыр сөз аласыз, аны жана телефон номериңизди авторлоштуруу үчүн колдоносуз.

О!TV тиркемесинен колдонуучулар көптөгөн мүмкүндүктөрдү алышат:

  • 130га чейинки телеканал: балдар, спорттук, жаңылыктар жана башкалар;
  • Сүйүктүү телеканалдарды Тандалмаларга кошуу, ыңгайлуу интерфейс;
  • «Тыным» функциясы. Тыныгуу керекпи? Түз эфирди тынымга коюп кой жана каалаган түзүлүштөн кечирээк көрүп ал. O!TV башка каналга которсоңуз да, сиз кайсы жерден токтогонуңузду эстеп калат.
  • Сиз кызыктуу жана маанилүүнү өткөрүп жибербейсиз: телеканалдардын программалары акыркы 3 күн сакталып калат.

О!'нун абоненттери үчүн ТВ-каналдарды көрүүдө интернет-трафик тарифтештирилбейт (башка операторлордун абоненттери үчүн тарифтештирүү алардын тарифтик пландарына жараша жүргүзүлөт). Кененирээк www.otv.kg-де, ошондой эле 707 жана 0705 700 700 телефондору боюнча (башка операторлордун абоненттери үчүн).

O!TV – жагымдуу көрүү каалайбыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.05.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Футбол 1, Футбол 2, Футбол 3 жана Наш Футбол аттуу каналдар жок экен. Ушул каналдар болгондо О!-го которулуп жуктоп алмакмын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: