Бир гана миллионерлер уча турган учак (фото)















Кадимки Boeing 787 учагы 240-335 орундуу. Бирок VVIP белгиси бар ушул эле Боингде болгону 30 орун бар. Албетте, ал чартердик каттамдарды аткарбайт. Учак саатына 25 миң долларга ижарага берилет.
Тактап айтканда, Лондондон Нью-Йоркко учуу 205 миң доллар турат. Бул акылсыздык дегендер болушу мүмкүн, бирок укмуштуудай жашоого көнгөндөр үчүн эмес. Учак ичинен кымбат пентхауска окшош деп жазышат басылмалар.
Жүргүнчүлөр үчүн 700 чарчы метрден ашык аянт бар: конференц-зал, 8 уктоочу бөлмө, бир нече жуунуучу бөлмөлөрү жана ашкана. Дааратканалар мрамор менен кооздолгон. Ал эми терезелери кадимки учактыкынан чоң. Интерьерде тик бурчтар жок. Экипаж мүчөлөрү дизайнердик форма кийишет.
Dream Jet такыр конбой 15 миң чакырым аралыкты же 17,5 саат жол жүрө алат. Кардарга каалаган жагына учуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Учурда эң популярдуу каттам Лондон-Пекин жана Гонконг-Лос-Анжелес. Учакты көбүрөөк бейиштей болгон Бора-Бора аралында көрүү мүмкүн.

Миллионерлерде акча көп үйү бар ошон үчүн мындай самолеттерге тушот!
Бул учакта учсан журогун ооруйт акчасын ойлоп,бактын тубундо уктасан журогун эс алат.
Карапайым адам 25долларга бир күн иштесе, жөнөкөй бир адамдын 1000 күн иштегенин миллионер адам 1 саатта коротот..