Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

Индияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн балбаны Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.
58 килограмм салмакта беттешке чыккан мекендешибиз чейрек финалда Казак балбанын утту.
Жарым финалда япон спортчусу менен кез келип, аны да таза жеңиш менен утуп алды. Эми финалда үй ээсинин спортчусу менен жолугат.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова өз салмак категориясында учурдагы чемпион болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Олимпиадада 3-место учун курошуп атканда ошол кыздан (индиялык) женилип калган.
Бул сапар женет деген ниеттемин..