super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-МАЙ: “Күүгүм” тасмасындагы вампирдин ролу менен дүйнөгө таанылган Роберт Паттинсон 31 жашка толду

 
Роберт Паттинсон
Роберт Паттинсон актриса Кристен Стюарт менен
Роберт Паттинсон ырчы Талия Дебретт Барнетт менен

Англиялык актёр, модель жана музыкант Роберт Паттинсон Англиянын Лондон шаарында туулган. Роберт 12 жашка толгондо апасы уулунун актёрлукка болгон шыгын байкап тааныштары аркылуу театрга киргизген. Паттинсон 18 жашында бир нече кастингге барып жүрүп акыры “Нибелунгдардын шакеги” аттуу тасмага тартылууга мүмкүнчүлүк алган. Аталган тасма 2004-жылы чыккан соң бир жыл өткөндөн кийин, “Гарри Поттер жана оттун кубогу” тасмасына тартылууга киришкен.

2007-жылы Summit Entertainment Паттинсон “Күүгүм” тасмасында Эдвард Каллин аттуу вампирдин ролун аткарарын жарыялаган. Тасмада актёр өзүнүн ролун жеткиликтүү аткарып, болуп көрбөгөндөй атак-даңкка жеткен. Ал 2009-жылы жана 2012-жылы "MTV Movie Awards" сыйлыктарын алган.

Жеке жашоосу

"Күүгүм" тасмасында тартылуу учурунда Роберт Паттинсон актриса Кристен Стюарт менен жолуккан. Экөө мамиле куруп, 2012-жылы актриса бир эле убакта режиссёр Руперт Сандерс менен да мамиледе болгону ачыкталган. Бул окуядан кийин экөө келечектеги үй-бүлөсү үчүн сатып алган үйүн сатып жиберип, эки айрым жолго түшүшкөн. Бир нече убак өткөн соң экөө кайра элдешип, бирок кайра эле мамилелерин токтотушкан. 2014-жылдан тарта Роберт Паттинсон ырчы Талия Дебретт Барнетт менен кыз-жигит болуп, 2015-жылы апрель айында баш кошо турганын айтышкан.

"Күүгүм" тасмасынын сүйүүчүлөрү арасында тасма улантылары тууралуу сөз чыккан. Роберт Паттинсон тасманын уландысына тартылуу ал үчүн кызыктуу болуп жатканын айтса, Кристен Стюарт анын ордуна башка актрисанын келишине каршы эмес экенин билдирген.

13-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.05.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагат мага))) суротторун топтоп жинди болгом, эх...
13.05.2017. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сумерки жакшы кино
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: