super.kg logo

"Евровидение-2017" сынагында тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган португалиялык ырчы Сальвадор Собрал жеӊүүчү аталды

 

Киевде 14-майга караган түнү "Евровидение-2017" сынагынын финалы орун алды. Анда Португалиянын намысын коргогон ырчы Сальвадор Собрал "Amar Pelos Dois" ("Сүйүү эки адамга жетет") чыгармасын аткарып жеӊүүчү аталды.

Ал калыстардын жана көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнөн кийин - 758 упайга ээ болду. Ал эми экинчи орунду Болгариянын атынан барган ырчы Кристиан Костов ээледи. Молдовалык Sunstroke Project тобу "Hey Mamma" аттуу ырын аткарып 3-орунга татыды.

Жыйынтыгында алдынкы ондукка Португалия (758 упай), Болгария (615 упай), Молдова (374 упай), Бельгия (363 упай), Швеция (344 упай), Италия (334 упай), Румыния (282 упай), Венгрия (200 упай), Австралия (173 упай) жана Норвегия (158 упай) кирди.

Финалга Молдова, Азербайжан, Греция, Швеция, Португалия, Польша, Армения, Австралия, Кипр, Бельгия, Болгария, Беларусь, Хорватия, Венгрия, Дания, Израиль, Румыния, Норвегия, Нидерланды, Австрия, сынакты негиздеген 5 мамлекеттин (Улуу Британия, Италия, Испания, Франция, Германия) жана Украинанын ырчылары катышты.

Сальвадор Собрал 1989-жылы 28-декабрда Португалиянын Лиссабон шаарында туулган. Бирок балалыгы АКШда жана Барселонада өткөн. 2009-жылы Португалияда Pop Idol сынагынын 3-сезонуна катышып 7-орунду ээлеген. Анын эжеси Луиза Собрал дагы ырчы. Жогорудагы сынактын 1-сезонунда 1-орунду алган. Сальвадор Собрал Лиссабондо психология жаатында билим ала баштаган. Кийинчерээк ал окуусун таштап Барселонада музыкалык окуу жайга тапшырган. 2016-жылы "Excuse me" ("Кечир мени") аталышындагы альбомун чыгарган.

27 жаштагы ырчы тубаса жүрөк кемтиги менен ооруй турганы маалым. Мындан улам ал "Евровидение-2017" сынагынын даярдануусуна катыша албастыгы жана жарым финалга келе турганы айтылган. Маалымат жыйындары болуп калса анын ордуна "Amar Pelos Dois" ырдын автору жана ырчынын эжеси катышары кабарланган. Ырчынын жакындары кырдаал тууралуу айтышканда сынактын уюштуруучулары Сальвадор Собралга акыркы мүнөттөрдө келүүгө уруксат беришкен.

Калыстардын жана көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнөн кийинки жыйынтык

Добуш берүү учуру

Добуш берүү учуру






"Евровидение-2017", 1-орун: Сальвадор Собрал - "Amar Pelos Dois

"Евровидения-2017"сынагында Кристиан Костов (Болгария) - 2-орунду алды

"Евровидения-2017"сынагында молдовалык Sunstroke Project - 3-орунду алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.05.2017. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шайтандар
14.05.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Европалыктар олгону калганбы нормальный адамды ырдатып норма ырды ырдаса болбойбу катынга окшогон нерсени чыгарып биринчиге тоообооо
14.05.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Журогу оорукчанды катуу суйунтуп,журогун карматып олтуруп алгыла эми))
14.05.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Молдавия сонун позитивная!!!
14.05.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Евровидениянын жылдан жылга баркы кете баштады.Быйылда болбогон ыр жок дегенде Бельгия,Италия алса окшошмок.
14.05.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сергей Лазерев женуучу)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: