super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-МАЙ: 13 жыл мурун "Троя" тасмасынын бет ачары болгон

 

Гомердин “Илиада” поэмасынын негизинде тартылган легендарлуу “Троя” тасмасынын бет ачары болуп, алгачкы аптада эле тасма 7800 кинотеатрда көрсөтүлгөн.

Тасманын режиссёру – Вольфганг Петерсен, ал эми сценарийин жазган – Дэвид Бениофф. Продюсерлери – Колин Уилсон, Диана Расбан, Вольфганг Петерсен.
Фильмде роль жараткандар: Брэд Питт (Ахиллес), Эрик Бана (Гектор), Орландо Блум (Парис), Дайана Крюгер (Елена), Питер О’Тул (хан Приам), Брайан Кокс (хан Агамемнон), Брендан Глисон (хан Менелай), Шон Бин (Одиссей), Тайлер Мэйн (Аякс), Роуз Бирн (Брисеида), Жон Шрапнель (Нестор) жана башкалар.
Тасманы Лондондо, Мальтада тартышкан. Кээ бир көрүнүштөр Мароккодо тартылышы керек болуп, бирок Ирактагы согуш күч ала баштаганына байланыштуу тартуучу топ мусулман өлкө­сү­нө баруудан баш тартышкан. Кино тартуу Мексикада уланган.
Тасмага кеткен 200 миллион доллардан ашык каражат эки эсе көп киреше менен акталган. 13 ай тартылган “Троя” монтаждан кийин 164 мүнөттүк тасма болуп чыккан.
14-майга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: