"Молдокелердин" мушташынын күбөсү окуянын кандай болгонун айтып берди





Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылынын Алтын-Ордо конушундагы мечитте "молдокелердин" мушташынын күбөсү Сарыбай Дубанаев SUPER.KG порталына окуянын кандай болгонун айтып берди.
"26-апрелде биздин мечитке туура эмес багыттагы жамаат келген. Мен аларга "документтериңер жок экен, бул жерде амал кылышка болбойт" деп түшүндүрүп айттым, бирок алар баш ийбей коюшту. Анан мен балдарга "бул жамаатты сыртка тез арада чыгарыш керек" дедим. Эгер булар айылдарды араласа, бизге сөз тиет, кийимге асылат, башка асылат, ошонун аркасынан бизди жаман көрөт. Анан коңшу мечитте амал кылган спортсмен бала келди эле, ал жамаат менен айтышып, тапыр-топур чыгып кетти", - деди Дубанаев.
Сокулук районунун имамы Икрам Рысбаев бул мечитке муфтиятка моюн сунбаган адамдар атайын кагазы жок келгенин айтты. "Аларды мечиттен чыгаруу максатында "кирүүгө уруксатыңар жок, муфтиятка баш ийбей келипсиңер" деген сөздү айтышканда, алар баш ийишпей, ар кайсы сөздөрдү айтканына байланыштуу ызы-чуу чыгып кеткен экен. Биз учурда жамаатты сабырдуулукка чакырып, ынтымакка үндөп жатабыз. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүздүк", - деди Рысбаев.
Жергиликтүү милициядан SUPER.KG порталына билдиришкендей, аталган окуя боюнча арыз түшкөн эмес.
Айта кетсек, "Элдик видео" бөлүмүнө "Молдокелердин" мушташы" деген аталышта видео жүктөлгөн. Анда мусулманча кийинген сакалчан адамдардын башка сакалчандарды сөгүп сабап жатканын көрсө болот.
"Молдокелер" мушташкан мечит (1)
"Молдокелердин" мушташы жөнүндө жаңы маалымат (2)

Муфтиятга баш ийүү керек да.
Экинчиден ислам дини тынчтыктын дини дейбиз. Куч колдонуп мечиттен ур-тепки менен кууп чыгуу динге толук амал кылган такыба мусулмандарга жараша турган ишпи?! Бул маселени жай отуруп чечишуу мумкун эмес бекен?!..
Ал эми башка агымдагы жамаат болсо, ур-тепкиге алып кууп чыкпай милиция чакыруу керек эле. Балким хизбутчулар болсо, кууп чыккан менен маселе чечилмек беле?!
Башка коз караштагы жамаат болсо, ур-тепкиге албай, милиция менен муфтияттан адам чакыруу керек эле. Калганын ошолор чечет эле...
Ал эми молдолор диндин жузу, алар оздорун улгулуу алып журууго милдеттуу...
2. Кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!