super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-МАЙ: Куудул Манас Бердибековдун көзү тирүү болгондо 61ге чыкмак

 
Куудул жубайы Малика Бердибекова менен
Куудулдун 60 жылдыгына арналган эскерүү концерти

Мындан 61 жыл мурун, 1956-жылы 15-майда куудул Манас Бердибеков Базар-Коргон районуна караштуу Партсъезд айылында (азыркы Бай-Мундуз айылы) туулган. Куудул "Жалпак жөжө", "Көзү ачык", "Мажит, светти өчүр" жана башка интермедиялары менен элдин эсинде калган.

Айылда жүрүп музыкага кызыгып, ырдап жүрүп Ноокен районунун маданият үйүнө клубдун башчысы болгонго жетишет. Кийин Бишкектеги филармонияга окууга келет. Ал концерттердин биринен обончу Шамшыбек Өтөбаевге жолугат. Талант дареметин байкаган обончу "Сенден ырчы чыкпайт. Сен алып баруучу бол" деп, аны концертке алып баруучу катары даярдаган. Кийинчерээк ал топ ачып куудул катары таанылган. Ал 27 жашында Малика Бердибековага баш кошуп, экөө уулдуу болушкан. Уулу Санжар Бердибеков анын ар бир сатирасын, интермедиясын дал өзүндөй сүйлөп аткарып, элге күлкү тартуулап келет.

Манас Бердибеков 2001-жылы 9-сентябрда 45 жаш курагында Ысык-Көлдө каза болгон.
Былтыр, 2016-жылы ноябрь айында Манас Бердибековдун 60 жылдыгына арналган эскерүү концерт өткөрүлүп, ага маркумдун уулу Санжар Бердибеков ырчылар жана башкалар, сахналаш достору, күйөрмандары, туугандары келишкен.
15-майдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: