ЖЫЛНААМА, 17-МАЙ: Америкалык актриса Никки Рид 29 жашка толду




Никки Рид актрисалык карьерасын баштаган кезде

Никки Рид жана орус актёру Павел Прилучный

Никки Рид биринчи күйөөсү Пол МакДональд менен

Никки Рид менен Иэн Сомерхолдер

Никки Рид менен Иэн Сомерхолдер


Америкалык актриса, сценарист, продюсер, “Күүгүм” тасмасында Розалинин ролун аткарган Никки Рид бүгүн, 17-майда 29 жашка толду. Ал 1988-жылы АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында туулган.
Ал 2003-жылы "Он үч" ("Тринадцать") тасмасынын сценарийин жазып, өзү тартылган соң атактуулукка жеткен.
Жеке жашоосу:
2006-жылы актриса орусиялык жаңы муундагы актёрлордун популярдуусу Павел Прилучный менен таанышып, сүйүү мамилесин курган деген кептер бар. Ага далил катары Никки Рид билегине "Прилучный", "Должно быть что то большее" деген татуировка тарттырганы айтышат. "Прилучный" дегенди сүйүшкөндөр эки ажырым жолго түшкөн соӊ актриса өчүртүп салса, экинчи жазууну азыр да байкоого болот.
2011-жылы актриса музыкант Пол Макдональдга турмушка чыккан. 2015-жылы ажырашып кетишкен. Андан көп өтпөй эле Никки "Кан соргучтун күндөлүктөрү" сериалындагы Дэймон Сальваторенин ролу аркылуу таанымал Иэн Сомерхолдер менен сүйүү романын баштап, кийин турмушка чыккан. Жакында эле түгөйлөр балалуу болорун күйөрмандарына билдиришти.
17-майдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.