super.kg logo
  Спорт  

Ислам тилектештик оюндары: Күрөш боюнча мелдеште өлкөбүздүн 3 балбаны финалга өттү

 

Бүгүн, 17-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында күрөш боюнча мелдеште Руслан Царев, Каныбек Жолчубеков жана Үзүр Жусупбеков финалга чыгышты, Атабек Азисбеков коло медаль үчүн күрөшөт.

Жарым финалдык беттеште 71 килограмм салмакта Руслан Царев ирактык балбан Аль Салихи менен күрөшүп 6:0 эсебинде жеңишке жеткен. 59 килограмм салмак ченинде болгон жарым финалдык беттеште Каныбек Жолчубеков азербайжандык балбан менен күч сынашып 8:4 эсебинде утту. Үзүр Жусупбеков жарым финалда түркмөндүк Кияз Есенов менен күрөшүп 10:0 эсебинде жеңишке жетти.

Эми алтын медаль үчүн болгон күрөштө Руслан Царев ирандык Гераие Мохммадали менен, Жолчубеков өзбекстандык Икромжон Бакрамов менен, Жусупбеков азербайжандык Оркхан Нуриев менен беттешет.
Атабек Азисбеков жарым чейрек финалда азербайжандык Рафик Хусейновго 8:2 эсебинде жеңилип калган. Ал коло медаль үчүн күрөштө алжирдик Азара Сид менен күч сынашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.05.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай, азаматтар! Эми финалда жеңишке жетишип кыргыздын желегин желбиреткиле! Баарыңарга ийгилик каалайбыз!!!
17.05.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар,Кыргызстаныбыздын желеги гимнибиздин коштоосунда желбирешине тилектешпиз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: