АФК Кубогу: “Дордой” өз үйүндө “Истиклолго” ири эсепте жеңилди





Бүгүн, 17-майда АФК Кубогунун “D” тайпасында Бишкектик “Дордой” Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт майданда тажикстандык “Истиклолду” кабыл алып, 1:4 эсебинде жеңилип калды.
Оюн "Дордой" үчүн оор болду деп айтса болот, анткени оюн башталары менен 7-мүнөттө "Истиклолдун" оюнчусу Манучехр Жалилов таамай болуп эсепти ачты.
2-таймда үй ээлери Зарифу Сулеймананын голу менен жооп кайтарды. Ал эми биринчи голдун ээси Манучехр Жалилов дагы эки гол киргизип, эсепти 1:3 кылды. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө "Дордойдун" оюнчусу Егор Потапов өз дарбазасына гол киргизип эсепти Истиклолдун пайдасына 1:4 кылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Уят, намысы бар оюнчулар кетмен чаап мал бакса пайдалуу жумуш аткарган болушат, кечке утула бергиче...
А биздечи Жарытаарлык стадилнубуз жок,куноо футболисттерде же клубда командада эмес,куноо башкада.