super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-МАЙ: Белгилүү казак ырчысы Батырхан Шукенов көзү тирүү болгондо 55 жашка толмок

 

Бүгүн, 18-майда популярдуу казак ырчысы Батырхан Шукенов көзү тирүү болгондо 55 жашка толмок. Ал 1962-жылы Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында экономисттердин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. 4 бир туугандын экинчиси. Болочоктогу композитор мектепте окуп жүргөндө эле музыкага кызыкчу. Мектепти аяктаган соӊ алгач Ленинград шаарындагы Маданият институтуна тапшырган. Бирок саксофон бөлүмүнө окуйм деп 2-курстан кийин Казакстандагы консерваторияга келе берген.

1982-жылы ырчы студент кезинде бир нече достору менен казакстанда "Арай" тобун түзүшкөн. Кийин топ аталышын "Алма-Ата А`Cтудио", "А`Cтудио" деп өзгөртүп, атагы казак элине тарай баштайт. Таланттуу жигиттер тууралуу Алла Пугачёва угуп, аларды өзүнүн жыл сайын өтүүчү "Рождестводогу жолугушуулар" ("Рождественские встречи") концерт-фестивалына катышууга чакырат. Ошондон тартып "А`Cтудио" тобу Москвада болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Алардын бардык чыгармаларын Батырхан аткарчу. "Нелюбимая", "Жулия", "Белая река", "Стоп, ночь", "Солдат любви", "Эти тёплые летние дни" сыяктуу ырларын күйөрмандары унутушпайт.

2000-жылы Батырхан "мекениме кызмат кылуум керек" деп Алматыга кайтып, жеке ырчыга айланган. Бул аралыкта 6 ырлар жыйнагын жарыкка чыгарганга жетишкен.

"А’Студио" тобунда жүргөндө "Жулия" деген ыры менен элге таанылса, топтон чыккан соң "Сенин кадамың" ("Твои шаги") деген ыры менен популярдуу болгон.

Батырхан Шукенов 2015-жылдын 29-апрелинде Москва шаарында жүрөк оорусунан улам 52 жаш курагында каза тапкан.

18-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: