super.kg logo
  Спорт  

Ислам тилектештик оюндары: Күрөш боюнча мелдеште Жанат Кайлыбаев финалга өттү

 

Бүгүн, 18-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Жанат Кайлыбаев финалга чыкты. Ошондой эле Кайрат Түгөлбаев жана Азат Бейшебеков коло медаль үчүн күрөшөт.

Жарым финалдык беттеште 66 килограмм салмакта Жанат Кайлыбаев иорданиялык Ахмад Дахшанды 8:0 эсебинде жеңип финалга өттү. Эми финалда Кайлыбаев азербайжандык Маммадов Кемран менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, Кайрат Түгөлбаев жана Азат Бейшебеков жарым чейрек финалдык беттеште жеңилип калган. Алар эми коло медаль үчүн күрөшүшөт. Түгөлбаев ирандык Расул Гармсири менен күрөшсө, Азат Бейшебеков алжирдик Адем Боуджемлайн менен күч сынашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: