super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-МАЙ: Түркиялык актёр, ырчы, режиссёр Өзжан Дениз 45 жашка толду

 
Актёр жаш кезинде
Актёр биринчи аялы менен

Түркиялык актёр, ырчы, режиссёр Өзжан Дениз бүгүн, 19-майда 45 жашка толду. Ал Анкара шаарында 1972-жылы туулган. Актёрдук чеберчилиги жана мукамдуу үнү менен мекенинде гана эмес, Германия, Франция, Орусия, Борбор Азияда да өз күйөрмандарын топтогон. Күрд улутундагы Өзжан жетишпеген турмуштун айынан 13 жашында мектепти таштап, ырдап үй-бүлөсүн бага баштаган. Кийинчерээк түркиялык сериалдарга тартыла баштайт. Тасма талаасында ага ийгилик алып келген "Коркунучтуу сүйүү "("Опасная любовь") сериалындагы Неджаттын образы болгон.

Андан сырткары "Суу жана от", "Июнь кечтери", "Тагдыр", "Сүйүү жүрөккө чок салат" жана башка тасмаларга тартылган.
Жеке жашоосу:

Актёр 1991-жылы актриса Хандан Денизге үйлөнгөн. Түгөйлөр 2000-жылы ажырашып кетишкен. Кийин көп убакыт бою Фахрийе Эвжен менен сүйүү мамилесин курган. Экөөнүн тою болот деп жаткан маалда алар эки ажырым жолго түшкөнүн билдиришет. Буга актёрдун сүйүктүүсүнүн көзүнө чөп салганы себеп болгон деген кептер айтылат.

19-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: